Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү унаа кырсыктан улам 2 адам каза болуп, 12 адам жабыр тартты (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 4-июлда Ысык-Көл районунда 2 унаа кагышып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ саат 19:30 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда болгон. Аталган тилкеде «Хонда Одиссей» «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү жеңил унаалары кагышкан.

Каза болгон 2 адам:

— 2015-жылы туулган М.Д. аттуу бала;

-1953-жылы туулган Ж.А. аттуу аял.

Жабыр тарткан 12 адам:

4 эркек:

— 1979-жылы туулган М.Д.,

— 1978-жылы туулган К.Ж.,

— 1987-жылы туулган Э.К.,

— 1988-жылы туулган Э.Ж.,

1 аял:

— 1991-жылы туулганА.Э.,

3 жаш бала:

— 2019-жылы туулган А.Б.,

— 2009-жылы туулган М.А.,

— 2011-жылы туулган М.З.,

4 жаш кыз:

— 2016-жылы туулган А.А.

— 2011-жылы туулган Ж.Д.,

— 2009-жылы туулган Я.И.,

— 2004-жылы туулган М.А.

Ал жерге ӨКМдин 4 куткаруучусу тартылып, каза болгон аялдын сөөгүн унаадан жана жабыркагандарды унаанын ичинен алып чыгып, биринчи медициналык жардамды көрсөткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE