Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдөгү кырсык боюнча күбөлөр айтып беришти (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылында катталган жол кырсык боюнча күбөлөрдүн пикирин Turmush басылмасынын кабарчысы укту.

Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Рысбек Жаныбек уулу окуя боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

«Ал күнү теңтуштарыбыз менен бирге конокто болгонбуз. Түнкү саат 01:00 чамасында Кичи-Жаргылчак айылынын бурулушундагы аялдамага досубуз менен аяшыбызды жеткирип, үйгө келгенбиз. Бир маалда теңтуш балам телефон чалып, унаа кырсыгы болгонун айтып, чакырды. Окуя болгон жерге барсак, унаалар сүзүшүп, адамдар ар кайсы жерде жаткан экен. Ошол маалда досубуз эс-учуна келип, келинчегин издеп жатыптыр. Көрсө, аяшыбыз унаанын алдында калган экен. Анан досубуз көрбөсүн деп, бул жактан бир тууган агасын чакырдык. Балдар чогулуп, унааны көтөрсөк, аяшыбыз эбак үзүлүп кетиптир. Анын үстүн жаап, жанындагыларды карасак, «Ауди В4» унаасынын айдоочусу да каза болуп калыптыр.

Анан «Фольксваген Гольф IV» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун абалын сурадык. Аңгыча унааны сүзгөн айдоочунун («Фольксваген Гольф IV» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу) ата-энеси «Нива» унаасы менен келишти. Атасынан «балаңыз таза беле?» деп сурадык. Ал: «балам таза эмес үчүн ушундай болуп жатат да» деп бизге айтты. Булар күндүз үй-бүлөсү менен бир аз урушуп калышкан экен. Кечкисин уулу унаасын от алдырганда эле энеси атасына бир кырсыкка кабылбасын деп артынан барууну өтүнүптүр. Атасы үйдөн чуркап чыкканда, уулу унаасы менен чыгып кеткен экен. Бирок атасы унаасында күйүүчү май түгөнүп калгандыктан Барскоондогу май куюучу жайга барган. «Ушул балам бир нерсеге кабылат» деп уулунун артынан апасы экөө издеп келе жатышыптыр. Биз жакка келгенден кийин апасы унаадан чуркап чыгып, «эмне болду?» деп ыйлап кирди. Көп өтпөй тез жардам кызматы келип, жаракат алгандарды салып кетти. Анан «өлүк жүктөгөнгө унаа тапкыла» дешти. Дал ошол сүзгөн унаанын айдоочусунун атасы каза тапкан эки адамдын сөөгүн унаасы менен алып кетти», — деди ал.

Ал эми облустук ЖКККБнын кызматкерлери учурда тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Кырсыктын кесепетинен каза тапкан 32 жаштагы келиндин сөөгү 22-мартта жерге берилген. Ал эми жолдошу оор абалда Жети-Өгүз райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Алардын 2 уул жана 1 кызы бар. Балдардын улуусу 6-класста, ортончусу 3-класста окуйт. Ал эми эң кичүүсү 7 жашта экендиги белгилүү болду.

Буга чейин Turmush басылмасы Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында жол кырсыгы катталып, 2 адам ошол жерде көз жумганын жазган.

21-март күнү саат 02:00 чамасында Жети-Өгүз РИИБге телефон аркылуу Жети-Өгүз районунун ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда Кичи-Жаргылчак айылынын күн чыгыш тарабындагы аялдаманын жанынан «Фольксваген Гольф IV» жана «Ауди В4» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, аялдамада турган эки жаранды кошо сүзгөнү кабарланган.

Бул факт Жети-Өгүз РИИБде катталып, алгачкы тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, төмөнкүлөрдү аныктады.

21-мартка караган түнү саат 01:30 чамасында Кичи-Жаргылчак айылынын күн чыгыш тарабындагы аялдаманын жанынан, тактап айтканда Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол жолунун 152-чакырымында Кичи-Жаргылчак айылынын 1991-жылы туулган тургуну З.А. жана келинчеги — 1993-жылы туулган И.Э. Каракол шаарына кетүү үчүн жолдун боюнда турушкан. Ошол учурда Оргочор айылынын тургуну — 2001-жылы туулган А.Ы. өзүнө тиешелүү «Ауди-В4» үлгүсүндөгү унаасын күн батыштан күн чыгышка карай башкарып бара жаткан. Айдоочу аялдамада тургандарды көрүп, аларды ала кетүү үчүн токтоп, унаага отургузуп жаткан. Ошол учурда Чоң-Жаргылчак айылынын 1999-жылы туулган тургуну К.К. «Фольксваген Гольф IV» үлгүсүндөгү унаасы менен аялдамада токтоп турган «Ауди-В4» унаасын бет маӊдай сүзгөн.

Окуя болгон жерде каза тапкандар:

— «Ауди-В4» унаасынын айдоочусу — Оргочор айылынын 2001-жылы туулган тургуну А.Ы. (эркек киши);

— «Ауди-В4» унаасына отуруп жаткан Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну И.Э. (аял киши).

Тез жардам унаасы менен райондук ооруканага жеткирилип, хирургия бөлүмүнө жаткырылгандар:

— «Фольксваген Гольф IV» унаасынын айдоочусу К.К.;

— «Ауди-В4» унаасынын жүргүнчүлөрү — Кичи-Жаргылчак айылынын 1991-жылы туулган тургуну З.А.;

— Оргочор айылынын 1999-жылы туулган тургуну А.Б.

Медициналык текшерүү учурунда «Фольксваген Гольф IV» унаасынын айдоочусу мас абалда болгону аныкталган. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE