Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө техникалык абалы оң эмес кичи автобустун айдоочуларына 3 миң сомдон айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө жайкы туристтик мезгил жүрүп жаткандыгына байланыштуу аймактарда унаалардын саны көбөйдү. Ушундан улам жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо багытында иш-чаралар күчөтүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө облустук ЖККК кызматкерлери, транспорттук инспекциясынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаар жана облус аралык каттамдарга жүргүнчү ташуучу автоунаалардын техникалык абалы жана жүргүнчү ташуу үчүн берилген уруксаат кагаздары текшерилди. Натыйжада техникалык абалы оң эмес 3 кичи автобустарга протоколдор түзүлүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынды. Ал эми транспорттук инспекциянын кызматкерлери тарабынан жүргүнчү ташууну уюштуруунун эрежелерин толук аткарбагандыгы үчүн 8 унаанын айдоочуларына протоколдор түзүлүп, ар бирине 1000 сомдон айып пул жазылды.

Ошондой эле жүргүнчү ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын катышуусунда атайын жыйындар өткөрүлдү. Анда жайкы туристтик мезгилдин жүрүп жаткандыгын эске алып, айдоочуларга жалпы жүргүнчүлөргө сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүү, жолдо жүрүү учурунда ашык жүргүнчүлөрдү салбоо, эс албастан чарчаңкы абалда жолго чыкпоо, ылдамдыкты ашырып айдабастан жол эрежелерин так сактоо жана башка ушул сыяктуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Облустун аймагында туристтик мезгил жүрүп жаткандыгына байланыштуу мындай жол кырсыктарын алдын алууга багытталган рейддик иш-чаралар облус боюнча маал-маалы менен уюштурулуп турмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE