Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк Айжамал жолдошуна көз кырын салып жүргөн кызды кантип жоготкон?

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын тургуну Айжамал Каирова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен 1992-жылы 14-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлүп-өскөм. Кесибим боюнча бухгалтер-экономистмин. Турмуш жолуна 20 жашымда аттангам. Жолдошум Каракол шаарына окусунан практика өтөгөнү келип калып, табышып калганбыз. Ал менин бир тууган эжемдин кайниси, тактап айтканда жездем менен жолдошум бир тууган. Ошентип эжем экөөбүз бир үй-бүлөнүн келиндери аталып, абысындар атка кондук. 2000-жылы эжемдин кайын журту бизди эшик төр көргөзүп чакырганда, таанышып калган элек. Ошондо экөөбүз бири-бирибизди биринчи жолу көрүп, башкача бир сезимдерге ыроологонбуз. Жолдошум Балыкчы шаарында төрөлүп-өскөн. Үй-бүлөдө 3 бир тууган, баары эркек балдар. Жолдошум Кубанычбек Кобогонов жогорку билимдүү, 7 жылдан бери башкы бухгалтер болуп эмгектенет», — деди ал.

Каарманыбыз жаңы келин болуп келгендеги окуялары менен бөлүштү.

«Жаңы келин болуп келген күндүн эртеси кайнагама жүгүнсөм эмне дерин билбей калып, аябай күлгөнбүз. Эжем экөөбүздүн ага-иниге турмушка чыкканыбызга көбү таң калышып, кайра-кайра сурашат болчу. Айрым тааныштар, биз бир тууган эже-сиңдилер бир тууган ага-иниге турмушка чыкканыбызды биле беришпейт эле. Эжемдей эле мамиле кылам, эркелеп. Анын күйөөсү — кайнагамды «жезде» эле деп тамашалашып, бүгүнкү күнгө чейин жүгүнбөйм.

Анын айтымында, жолдошуна көз салып жүргөн кыздар болгон.

«Үйлөнгөбүздөн көп өтпөй жолдошум экөөбүз Бишкек шаарына жөнөдүк. Ал кезде 5-курста окучу, студенттердин жатаканасында жашачубуз. Балдар менен кыздар көп. Ашканасында нан, тамак жасачумун. Жолдошум жаныма келип отурду. Ошол замат бир нече кыз биз отурган ашканага кирип, кайра чыгып жатышты. Болбосо жасаган тамагы, нанынан дайын жок. Тамактанып бүткөн соң жолдошум бөлмөгө кетти. Көп өтпөй жаныма бир кыз келип, «Байкеңизби? Канчанчы жылкы? Бул корпуста окуйбу?» деп сурап калды. Күйөөң болгондон кийин кызганат экенсиң да, «Эмне болду? Тааныйсыңбы? Эмне анча кызыгып сурадың?» десем, «Көптөн бери көз кырымды салып жүрөм. Жаныбыздагы корпуста окуйт го» деп жооп берди. Ошол жерден дароо ачуум козголуп кетти, бирок өзүмдү кармадым. Мен болсо: «Ал менин күйөөм болот. Ооба, жаныбыздагы корпуста окуйт» деп айтып салдым. Ал кызыгып жаткан кыздын өңү кубарып эле, башкача болуп кетти. «Байкеңиз го деп ойлогом. Кечирип койгула» деп ошол бойдон жологон жок. Мен жиним ошону менен эле басылып калбастан, күйөмөн: «Сен тааныйсынбы? Ушундай кыз экен, сени аябай сурады. Жөн эле кызыга бербейт да» деп айттым. Жолдошум болсо «Билбейм аны, бирок көрүп жүргөм. А сен эмне дедиң?» деп мага суроо узатты. Болгонун болгондой айтсам, аябай күлгөн. Ошентип күндөрүбүз өтө берди», — деди ал.

Айжамал учурда эмне менен алек болуп жаткандыгын айтып берди.

«Ар бир үй-бүлөдө казан аяк кагышат. Мындай нерселердин алдын алуу үчүн эки жуп бири-бирине көбүрөөк көңүл буруп, убакытын сарпташы керек. Аялы күйөөсүнө жакшы маанай тартулоо максатында даамдуу тамактарды жасап, жумуштан келгенде жылмаю менен тосуп алуу зарыл. Ортодо кандайдыр бир маселе пайда болсо, чогуу отуруп чечишип алуу кажет.

Убактымдын басымдуу бөлүгүн кыздарым менен өткөрөм. Учурда 3 кызым бар. Амина 9 жашта, Асия 5 жашта жана Амира 3 жашта. Кыздарыбыз эрке, адамдар менен бат тил табышат. Ак көңүл, акылдуу жакшы кыздар. Буюрса аман болсок, кыздарды жогорку окуу жайга окутуп, ойлогон максаттарына жетүүсүнө атасы экөөбүз күбө болгубуз келет», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE