Пример HTML-страницы

Turmush: Ошко 50 автобус алып келүүнү чечишти: Жаңы каттам ачуу пландалууда

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык төрөткансына шаар ичинен каттам аз жана айдоочулар жүргүнчүлөрдү албай кетет. Мындай пикир 13-июль күнү социалдык маселелер талкууланган жыйында айтылды.

Аталган жыйын мэрияда өтүп, ага тиешелүү жетекчилер катышты.

Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчысы Мунарбек Тургунбаевдин айтымында, аталган аймакка 3 каттам бар.

«Он-Адырдан түз шаардык төрөтканага каттаган каттам жок деп да айтылды. Жакында Өзбекстандан автобустар алынып келет. Каттам ачуу сунушун берип жатабыз. Ал эми шаар ичинен төрөтканага №124, №101, №130 каттамдары каттап, жетишип эле жатат. «Элди албай коет» деген маалымат туура эмес. Айдоочуга жол акы төлөп жатса, кантип албай койсун? Эл туура эмес жерге туруп алат дагы нааразы боло беришет», — деди ал.

Ош шаардык мэриясы Өзбек-Кыргыз фондунан 7 жылдык мөөнөткө 4 пайыз үстөгү менен 1 млн 850 миң доллар насыя алат. Насыянын 30 пайызын же болбосо 50 млн сомду алдын ала төлөө үчүн акча республикалык бюджеттен алынат. Бул каражатка Өзбекстандын Самарканд шаарындагы «СамАвто» автозаводунун 50 автобус алынып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE