Пример HTML-страницы

Тоң районунун тургундары эң акыркы бышкан өрүктөрүн сатып жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Талаа айылынын айрым тургундары акыркы өрүктөрүн сатып жатышат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, өрүк кеч бышкан мындай учур жылда эле боло бербейт. Өрүктүн «Королевский» сорту кечирээк бышканы, даамы, формасы менен айырмаланып турат.

Негизи август айынын аягында эле өрүктүн бардык сорту сатылып бүтсө, бакта калганы жерге түшүп жок болот.

Буга чейин Turmush басылмасы Кара-Талаа айылында өрүктүн баасы 15 сомго түшкөндүгүн жазган.

«Башка кошуна айылдарда деле өрүккө болгон баа түштү. Учурда чет өлкөгө кетчү чоң унаалар 15 сомдон алып жатат. Бышкандарын болсо кичинекей унаалар 10 сомдон алууда. Быйыл өрүктүн баасы төмөн болгону аз келгенсип, алуучулар да аз. Алармандар чек арада маселе болгондуктан жана өрүк быйыл көп байлаганынан улам баасы төмөндөп кеткенин айтышууда. Айыл чарба министрлиги жана башка тиешелүү кызматтар ушуну көзөмөлдөп берсе жакшы болмок», — деген жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE