Пример HTML-страницы

Таластагы айылга тез жардам унаасы алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Жерге-Тал айылына тез жардам унаасы алынды. Бул тууралуу Беш-Таш айыл аймагынын башчысы Шамил Мурат билдирди.

Анын айтымында, унааны айылдын 2 тургуну алып берди.

«Бизге ушул эле айылдын тургундары демөөрчүлүк кылып үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тез жардам унаасын алып беришти. Бирок учурда бул унаа боюнча райондук оорукана менен сүйлөшүп жатабыз. Анткени бул унааны тейлөөгө жергиликтүү бюджет жетпейт. Бирок айыл элин толугу менен тейлеп башка дагы айылдарга көмөкчү болот деп ишенип жатабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE