Пример HTML-страницы

Сокулуктун тергөө кызматында орун алган окуя Жогорку сотко жеткен. Ишке чекит коюлду

Акыркы жанылыктар

TurmushЖогорку соттун кылмыш-жаза иштери боюнча соттук коллегиясы ден соолукка жеңил залал келтирүү боюнча айыпталган аялдын кылмыш ишин карап, 2024-жылдын 4-мартында өкүм кабыл алды.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, айыпталуучу Чолпонгүл (аты өзгөртүлдү, А.Ч.) 2023-жылдын 20-мартында болжол менен саат 16:00 чамасында Сокулук РИИБдин тергөө кызматында беттештирүү өтүп жаткан учурда мыйзамды сактабай, жабырлануучу Б.А.ны оозго алгыс сөздөр менен сөккөн жана тилдеген. Ошондой эле, отурган жеринен жабырлануучуну муштум менен эки жолу уруп, оң колунун сөмөйүн тиштеп салган.

Чолпонгүл Сокулук райондук сотунун 2023-жылдын 5-июлундагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 20 000 сом айып салынган.

Чүй облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2023-жылдын 23- ноябрындагы өкүмү менен аталган өкүм өзгөртүүсүз калтырылган.

Айыпталуучу Чолпонгүлдүн кызыкчылыгын жактаган жактоочу А.Э. аталган соттук актылар менен макул болбой, кассациялык даттануу менен кайрылган. Анда эки өкүмдү жокко чыгарып, Чолпонгүлгө карата актоо өкүмүн кабыл алууну суранган.

Кассациялык инстанциядагы соттук отурумда кылмыш ишти кароодон мурда жактоочу А.Э. айыпталуучу Чолпонгүл менен жабырлануучу макулдашуу жөнүндө келишиминин негизинде Чолпонгүл тууралуу кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартуу тууралуу өтүнүч келтирген.

Аталган келишимде жабырлануучу Б.А. келтирилген материалдык чыгымдар жана моралдык зыяндар төлөнүп берилгендиктен, Чолпонгүлгө карата жеке жана ачык айыптоону колдоодон баш тартып, кылмыш ишин кыскартып берүүнү суранган.

Жыйынтыгында Чолпонгүл тууралуу эки өкүм жокко чыгарылды. Кылмыш иш тараптар макулдашууга жетишкендигине байланыштуу өндүрүштөн кыскартылды. Чолпонгүл кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулду.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE