Пример HTML-страницы

Өзгөндө 9 жаштагы баланы унаа сүзүп кеткен. Айдоочу кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн районунда жаш баланы унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-октябрь күнү саат 11:55 чамасында Өзгөн районунун тургуну — 2014-жылы туулган А.А.ны «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 9 жаштагы бара жаракат алып, Өзгөн райондук ооруканасына кайрылган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде кылмыштын изи сууй электе шектүү — Жалал-Абад облусунун 1978-жылы туулган тургуну Б.Ж. унаасын айдап бара жаткан жерден кармалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE