Пример HTML-страницы

ОшТУда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо иш-чараларын аткаруу максатында 1-курстун студенттеринин арасында бир нече иш-чаралар өткөрүлдү.

Окуу жайда керектөөчүлөрдүн укуктары мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө корголушу жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча студенттерге куратордук сааттар уюштурулуп, 1-курстардын арасында илимий баяндамалар сынагы уюштурулду.

Мында студенттер Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптары, керектөөчү өз укугун кандай коргой алары жана керектөөчүнүн укугу тебеленгенде кайсыл мамлекеттик органдарга кайрылуу керектиги боюнча толук маалыматтарды алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE