Пример HTML-страницы

ОшТУда ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин маалыматтар технологиялары жана башкаруу кафедрасы тарабынан студенттерди жумуш орун менен камсыз кылуу максатында ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга кафедранын жамааты, студенттер, ата-энелер жана иш берүүчүлөр катышты.

Иш-чарада маалымат системалары жана технологиялары, робототехника адистиктери боюнча жумушчу окуу пландары талкууланып, сунуш пикирлер айтылды. Кафедра даярдап жаткан адистик боюнча, студенттер, окуу жайдагы түзүлгөн шарттар, келечектеги коюлган пландар, алардын аткарылышы тууралуу маалыматтар берилди.

Иш берүүчүлөр учурдагы өздөрүнүн талаптарын айтышып, адистикти даярдоодо окуу жай тарабынан камсыздала турган процесстерге заман талабына ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү сунуштарын айтышты. Ал сунуштар теориялык алган билимдерди практикада чыңдоого көбүрөөк көңүл буруп, студенттерди мүмкүн болсо өндүрүштүн өзүндө сабактарды өтүүгө чакырышты.

Мындан сырткары, ата-энелер тарабынан да окуу процессине тишелүү суроолор, сунуштар талкууланды. Студенттер тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE