Пример HTML-страницы

Ошто баңгизат саткан шектүү камактан бошотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык соту баңгизат сатууга шектелген адамды камактан бошотту. Анын баш коргоо чарасы кечээ, 22-апрелде каралды.

Ош шаардык сотунун судьясы Темирбек Курманбеков шектүүнү эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.

Бул маалыматты Turmush басылмасына Ош ШИИБден тастыкташты.

Буга чейин Ош шаарынын аймагында баңгизат сатып өткөрүү менен алектенип жаткан жаран тууралуу маалымат такталып, өздүгү аныкталган. Бул аралыкта маалыматтар жана далилдер так болушу үчүн милиция кызматкерлери баңгизат колдонгон жарандын ролун аткарып, баңгизат да сатып алышкан. Алар толук маалыматка ээ болгондон соӊ шектүү жаранды Ош шаарынын аймагынан 21-апрель күнү кармашкан.

«Ушул эле күнү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери атайын операциялар отрядынын жана Ош ШИИБдин кинология борборундагы кызматтык иттин жардамы менен шектүү убактылуу жашап турган Кара-Суу районунун Жаӊы-Арык айылындагы үйгө ыкчам түрдө барышып, ал жашаган үйгө тинтүү жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында кызматтык Симба аттуу иттин жардамы менен шектүү жашаган бөлмөлөрдүн биринен целлофан материалдарга оролгон баңгизат алынды. Тактап айтканда, 125 грамм опиум, 675 грамм гашиш табылды. Жалпы салмагы 800 граммды түздү.

Андан сырткары 600 евро алынды. Атайын экспертизанын жыйынтыгы менен алынган 600 евро жасалма акча болуп чыкты.

Шектүү катары кармалган Г.К. 1987-жылы Өзгөн районунда туулган. Кара-Суу районунун Жаӊы-Арык айылында убактылуу жашап жүргөн. Ал өз коопсуздугун ойлоп, жашаган дарегин тез-тез алмаштырып турууну адатка айландырган. Мурда 2 ирет соттолгон. Акыркы жолу жасалма акча менен кармалып, жаза мөөнөтүн 2018-жылы өтөп келген.

Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) жана 233-беренеси (жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE