Пример HTML-страницы

Ош—Бишкек жолундагы унаада адамдын буту салаңдап бараткан видео тараган. Айдоочу жоругу тууралуу айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Бишкек унаа жолунда автоээнбаштык жасаган 22 жаштагы айдоочуга 15 миң сом айып пул салынды.

Социалдык тармакка катуу ылдамдыкта бара жаткан «Деу Нексия» унаасынын арткы багажында адамдун буту салаңдап бараткан видео тарап, талкуу жаратты.

Turmush басылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, окуя кечээ, 11-апрелде болгон.

«Унаанын багажында бара жаткан жигиттин видеосу тарап, ал көпчүлүктүн нааразы пикирин жараткан болчу. Жол тескөөчүлөр окуя кечээ болгонун тактады. Бүгүн унаа жана аны башкарган айдоочу да аныкталды. Такталган маалыматка таянсак, унааны Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасынын 2001-жылы туулган жашоочусу башкарып бара жаткан. Ал унаанын багажы ачылып кете бергендиктен, аны жаап турсун деп артына адамды жаткырып алган. 22 жаштагы айдоочуга кылган жоругу үчүн 15 миң сом айып пул салынды», — деп айтылат Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматында.

Айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин (автоээнбаштыктын) негизинде айып салынды.

Автоээнбаштык, башкача айтканда, транспорт каражатынын айдоочусунун коомду ачыктан-ачык урматтабагынын билдирген, жол кыймылынын эрежелерин жана транспорт каражатын пайдаланууну бузуу менен коштолгон (автомобиль жарышы, белгиленбеген жерлерде ар кандай түрдөгү көрсөтмөлүү айдоо ж.б.) коомдук тартипти жана жарандардын тынчтыгын ачыктан-ачык бузган атайын аракеттери — жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE