Пример HTML-страницы

Нурбек Чубаков менен Актилек Абдивали уулу издөөгө алынды

Акыркы жанылыктар

Turmush13-январга караган түнү Ош шаарында катталган кылмыштын бетин ачуу боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагында толук масштабдуу ыкчам издөө жана тергөө иштери жүрүүдө.

Иш-чаралардын алкагында ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жарандардын аталган кылмышка жана башка өтө оор кылмаштарга тиешеси бар же жок экени текшерилип жатат.

Акыркы суткада Ош гарнизонунун өздүк курамынын жана тартылган күчтүн катышуусунда 500дөн ашык транспорт каражаты текшерилип, 100дөн ашык протокол түзүлүп, 20дан ашык унаа айып коргоо киргизилди. Алардын ичинен экөөнүн айнеги караңгылатылган болсо, 3 айдоочу унааны документи жок башкарып жүргөн.

Мындан тышкары кылмыштын бетин ачуу максатында бир нече дарек текшерилип, тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмышка катыштыгы бар эки жаран аныкталып, издөө жарыяланды.

Издөөгө алынган эки шектүү:

— Өзгөн районунун 1991-жылы туулган тургуну Нурбек Чубаков;

— Өзгөн районунун 1992-жылы туулган тургуну Абдивали уулу Актилек.

——————

13-январга караган түнү саат 01:15 чамаларында Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү банктын жанындагы аялдаманын артында белгисиз адамдар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.Н.нын денесине миздүү курч нерсе менен жаракат келтирип, ак түстөгү унаа менен качып кетишкен. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон.

Ошондой эле анын шериги — Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургуну Н.М. дагы денесинен (өзгөчө буту каттуу жабыркаган) жараат алып, тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүгүнүн 16-пункту (алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган) боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары башталган.

Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, окуя болгон жай сүрөткө алынып, схемасы чийилип, тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдү аныктоого багытталган ыкчам иштер уюштурулган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары адамдардын тобу, ар биринин өздүктөрү аныкталган жана аларга издөө иштери жарыяланган.

Бул өзгөчө оор кылмыш иши кылмыш топторунун өз ара келишпестигинин натыйжасында жасалгандыгы боюнча маалыматтар алынган. Жыйынтыгында 13-январда кылмышты жасоодо пайдаланылган автотранспорт табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына киргизилди.

«Ошондой эле күнү бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө «Женго» деген каймана ат менен таанымал болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды. Анын шериктери — бул кылмышка түздөн түз катыштыгы бар 3 жаран изделүүдө», — деп айтылган милициянын маалыматында.

Алар:

— Өзгөн районунун Куршаб айылынын 1995-жылы туулган тургуну Раимберди уулу Акылбек;

— Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Коргонбай уулу Эламан;

— Ош шаарынын Жапалак айылынын 1990-жылы туулган тургуну Шакир уулу Курсантбек.

Өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар жарандарды кармоо боюнча ар тараптуу ыкчам издөө, тергөө иш чаралары жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү адамдар тууралуу маалыматы барлар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 03222-4-82-82 телефон номурлары аркылуу билдирсе болот.

—————————————————-

Буга чейин каза болгон жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары маалымдалган. Ал өлтүрүлгөн учур видеокамерага түшүп калган.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн 14-январда саат 09:20га карата издөө жарыяланган 3 адам кармала элек. Аларды издөө иштери уланууда.

«Түнү менен Ош ШИИБдин кызматкерлери 20га жакын дарек боюнча текшерүү иштерин жүргүзүштү. Күбөлөр, тараптардын жакындары суралууда», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE