Пример HTML-страницы

Кочкордун Семиз-Бел айылында жүргөн сел сарайды талкалап, айдоо аянтты жууп кетти

Акыркы жанылыктар

Turmush26-августта саат 16:10 чамасында Кочкор районунда нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен сел жүрүп, Семиз-Бел айылынын Кара-Булуң жана Сары-Чат айдоо жерлериндеги арпа, картошка, тоют чөп зыянга учурады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айылдык кеңештин депутаты Бектурсун Намазбек уулунун айтымында, селдин кесепетинен бир сарай ураган.

«Селдин кесепетинен 40ка жакын дыйкан жабыр тартты. Зыянды адистер аныктап жатса керек. Мүмкүн болсо зыян тарткан дыйкандарга жардам берилсе жакшы болмок», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE