Пример HTML-страницы

Кадамжайда окуучулар аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы менен таанышышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжайдын милиция кызматкерлери окуучуларды аскер кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы менен тааныштырышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 17-ноябрь күнү Кадамжай РИИБдин Ж.Садиров атындагы аймактык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы Т.Тургунов атындагы орто мектебинин окуучуларын мекенди коргоого үндөө, патриоттук сезимдерин арттыруу максатында «Кайтпас» чек ара тозотуна алып барып, аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгы менен тааныштырышты.

Бул иш-чара Баткен облусунун аймагында өтүп жаткан «Камкордук» алдын алуу иш-чарасынын алкагында өттү. Андан сырткары милиция кызматкерлери Миң-Чынар айылындагы билим берүү мекемесинде жаш өспүрүмдөрүн коопсуздугун камсыздоо, зордук-зомбулукту, мал уурулукту, уурулукту жана башка кылмыштардын алдын алуу максатында окуучулардын ата-энелери менен жыйын өткөрүшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE