Пример HTML-страницы

Гүлзат Сариевага болочоктогу жолдошу менен экинчи жолу жолукканда эле сөйкө салышкан

Акыркы жанылыктар

TurmushН.С.Баранов атындагы Новопокровка жалпы билим берүү мектеп-лицейинин мугалими Гүлзат Сариева Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Жыл мугалими-2022» сынагында 2-орунду алды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мугалим 1984-жылдын 15-майында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн.

«Азыркы учурда ата-энем Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылында жашайт. Үч бир туугандын улуусумун. Иним да, сиӊдим да үй-бүлө курушту. Өзүм болсо Ат-Башынын кулунуна турмушка чыгып, үч баланын энеси болдум. Новопокровка айылында ата-энебиз менен жашайбыз.

2006-жылы Каракол шаарында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде орус тили жана орус адабияты факультетин артыкчылык диплом менен аяктап, 15 жылдан бери өз кесибим менен балдарга билим жана тарбия берип келем. Эл оозунда бизди «мугалимдер династиясы» деп аташат. Себеби чоӊ атам менен чоӊ апам, эжекелерим мугалимдик кесипти аркалашкан. Кесип тандоодо биринчи мугалимим Жыпара Касымалиева мага чоӊ таасир берди. Ал ошол убакта Каракол шаарынын №11 мектеп гимназиясында иштечү.

Эмгек жолумда үзүрлүү эмгектенип, бир топ сыйлыктарга жетиштим. Алардын айрымдарын айтсам, «Жаш мугалимдин депозити-2006» программасы менен үч жыл иштеп, 100 миӊ сомдук стипендия алгам. Быйыл болсо «Жыл мугалими-2022» райондук сынагында 2-орунду алдым», — деди ал.

Гүлзат Сариева мүнөзү бир окуядан кийин өзгөргөнүн айтып берди.

«Мугалимдин жашоосу окуучулардын көз ирмемдери менен өтөт. Окуучуларыбыз бийиктикке учса, биз бирге учабыз. Балдардын көӊүлү чөгүп турса, бирге капа болобуз. Үйгө келип деле ар бир окуучумду ойлоп, мектептеги кыял-жоруктарын эстеп, күлүп калам.

Кызыктуу окуяны айта кетсем. Сабак берип жаткан учурда өзүмдү сүрдүү алып жүрчү экенмин. 9-класска сабак берип бүтүп, окуучум тыныгуу учурунда кыял жоруктарын айтып отурса аябай күлдүм эле. Ошол учурда 8-класстын окуучусу класска кире калып, мени көрүп абдан таӊ калып, «сиздин күлгөнүӊүздү биринчи жолу көрүп жатам» деп туруп калды. Ошол күн мен үчүн чоӊ сабак болду десем болот. Андан кийин дайыма сабакты жылмаюу менен баштап жүрөм. Жашоомдо өкүндүрө турган нерсем жок, жаратканга ыраазымын. Мага тарбия берип, багып-өстүргөн ата-энем маӊдайымда, бир туугандарым аман-эсен. Сүйүктүү жар, бактылуу эне, кадырлуу эже, сүйкүмдүү жеӊе болгонума бактылуумун. Бул нерселер да адам баласынын кичинекей жетишкендиктери деп ойлойм.

Конок тосконду абдан жакшы көрөм. Эч убакта чарчабайм. Өзгөчө даамдуу тамак-аштарды, кондитердик азыктарды изденип жасайм. Бул жалган дүйнөдө улуу жазуучу Ч.Айтматов айткандай, «Эң кыйыны — күн сайын адам болуу» демекчи, идеалдуу адам болбойт. Бирок биз ар бир тааныган адамдын жакшы сапаттарын алып, идеалдуу болууга умтулушубуз керек. Өзүмдүн аркамдан уулдарыма, кызыма, окуучуларыма билим, тарбия берип, жакшы из калтыргым келет», — деди ал.

Анын айтымында, жолдошу экөө 2009-жылы телефон аркылуу таанышып калышкан.

«Биринчи жолу көрүшүп, экинчи жолкусунда сөйкө салып кетти. Ошентип телефондон сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Жашоомдо жолдошума жолукканыма абдан ыраазымын Экөөбүз бири-бирибизге дайыма аяр мамиле кылып, ынтымактуубуз. Мен өзүм нанды абдан таптап, даамдуу, жумшак кылып бышырчумун. Келин болуп келген күнү нанга камыр жуурусам, наным көппөй калып, жашынып ыйлаганым эстен кетпейт. Дагы бир жолку жоругум эске түштү. Жолдошум романтик. Бир күнү жумуштан келгенде аны тосуп алсам, гүл берди. Мен гүлдү көрүп, дароо капа болуп, «апамачы?» деп сурадым. Үйгө кирип, апама гүл дестени сундум. «Уулуӊуз сизди сүйүндүрүп алып келиптир» дедим. Апам абдан сүйүнүп кетти.

Бирге жашаганыбызга 13 болду. Кайын журтта, туугандар арасында, үй-бүлөдө мени эч ким атымдан айтып чакырышпайт. Ата-энебиз, эжекелерим, байкелерим, жезделерим баары «Гүкү, алтыш, берекем» деп эркелетишет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE