Пример HTML-страницы

ДЕН СООЛУК, ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШ

https://kyrgyzcha.site/?p=54976&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ДЕН СООЛУК, ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШ

Данектердин ден соолукка тийгизген пайдалары

 

 

Биз мөмө-жемиштердин данектерин ыргытып көнүп алганбыз. Алардын ден соолукка тийгизген пайдалары көп экен. Бирок, кайсы данек кайсы ооруга пайда экенин билип алганыбыз дурус болоор.

 

Дарбыз данеги кант диабетине жакшы

 

Дарбыз бөйрөк оорусунда антибиотик жана заара чыгаруучу каражаттарга караганда бир кыйла жакшы. Бөйрөгүндө кум же таш болсо, дарбызды көп жеш керек. Себеби, дарбыз заараны чыгаруучу мыкты антибиотик экенин урологдор айтышат. Анын данегинде цинк, темир көп. Андан сырткары анын курамында белок көп болгондуктан тамак сиңирүүгө жардам берип жана кандагы канттын азайышына таасир этет. Жүзүмдүн данектерин чайнай жүрүңүз

 

Биз жүзүмдү данеги менен жегенди жактыра бербейбиз. Данегин чайнаганда кычкыл же ачуу келип, ал даам көптөргө жага бербейт. Көрсө жүзүмдүн данегинде минералдар, фитоалексин жана витаминдер көп экен. Данегиндеги ал минералдар адамдын организминдеги паразиттерди жок кылуу менен бирге рак клеткаларынын өрчүшүнө бөгөт коңт. Ошондуктан, онкологиялык оорулар менен ооруган адамдар жүзүмдүн данегин көп жегени жакшы. Арык, ичинде оскорида курту бар адамдар да жүзүмдүн данегин чайнай жүргөнү дурус

 

. Коон данектери менен арыктаңыз

 

Коондун данектерин чагуу оор болгону менен чагып жеш керек. Арыктай албай жүргөндөргө диетологдор коондун данегин сунуштатат. Себеби данек ичеги-карындагы кээ бир нерселерди тазалап, ичти жумшартат. Организмдеги шлактарды кетирүүгө, организмди тазалоого жакшы шарт түзүп берет. Абдан майдалап чайнаганда ашказан оорусунан да арылууга болот. Курамындагы А витамини, калий, фосфор да организмге жакшы.

 

Кивинин данеги чачты жалтыратат

 

Кивинин майда данектеринде Е витамини көп болгондуктан, чачты жалтыратып, тырмакты катуу кылып, терини жалтыратат. Ички организмдердеги суук тийгенди жөнгө салып, көздүн алдындагы шишикти кетирет.

 

Оливка данеги астмага жакшы

 

Оливканын данегин эч ким жебесе керек. Себеби, сырты абдан даамдуу болгондуктан анын данегине көңүл бургандар аз. Астмада, дем алуу оорлогондо, өпкө ооруларында жана ууланууда абдан жакшы жардам берет. 4 жума күнүгө 15 данектен жесеңиз жогоруда аталган оорулардан жеңилдеп каласыз.

 

Кызыл данеги геморройго даба

 

Кызыл данегин деле жегендер жок болсо керек. Болсо деле сейрек чыгаар. Эгер сизди геморрой кууратып жүргөн болсо, кызыл данегин көп жеңиз. Данеги ичеги-карын, ашказан ооруларына да жакшы.

 

Цитрус жемиштеринин данектери баш ооруга жакшы

 

Көптөргө белгилүү болгондой лимондун данеги көп ооруларга даба. Анын курамында салицил кислотасы болгондуктан, баш ооруга абдан жакшы. Апельсиндин данегинде В17 витамини көп болгондуктан рак клеткаларын токтотууга, грибок ооруларын азайтууга жардам берет. Жүрөгү ооругандар анардын данегин жегиле Анардын данектери менен жеген жакшы. Курамындагы антоциан, полифенол, кверцетиндер рак клеткаларын өлтүргөнгө, шишиктерди (опухоль) азайтууга жана жүрөк ооруларын жөнгө салууга жакшы жардам берет. Антоциан болсо микробго, вируска каршы туруп, суук тийгенге жакшы.

 

Курманын данеги организмди тазалайт

 

Курманын данегинен жасалган ун алмустактан эле ашказан, ичеги-карын ооруларына дары катары колдонулуп келет. Данеги суук тийүүдө да колдонулууда келет. Курамындагы магний, калий, жез жана минералдар организмди тазалаганга жардамын берет.

 

Колдонууга мүмкүн эмес данектер:

 

Шабдаалы, абрикос, алча, кара өрүктүн данектерин ыргытып ийгениңиз дурус. Аларда цианид болгондуктан, адамды уулантып салат. Ошол эле цианид алмуруттун, алманын данегинде да кездешет. Булардын данектерин аз көлөмдө колдонсо болот, бирок ашыкча организмге зыян алып келет. Авокадонун данеги да аллергияны чакырып, ичеги-карын, ашказан ооруларын пайда кылат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE