Пример HTML-страницы

Дайынсыз жоголгон Бекболот Турдушев табылды. Ал кайда жүргөнү белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushДайынсыз жоголгон мектеп окуучусу Бекболот Турдушев табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Turmush басылмасына Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз жоголгон өспүрүм бала Бишкек шаарында жүргөндүгү белгилүү болгон. Ал достору менен ошол эле күнү Бишкек шаарына чыгып, алар менен чогуу жүргөн.

«Баланын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул фактынын себептери жана жагдайлары аныкталып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Turmush блогер Бекболот Турдушев изделип жатканын жазган. Милициянын маалыматы боюнча, 26-сентябрь күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө Түп районунун 1965-жылы туулган тургуну Ч.Ожеков кайрылган. Ал 25-сентябрь күнү уулу Бекболот менен «Алтын-Көл» тойканасында болушканын, ошол эле күнү саат 15:00 чамасында уулу Каракол шаарындагы дос балдарына жолугуу үчүн суранып кетип, ошондон бери дайынсыз болуп жатканын кабарлаган. Бул факт Каракол ШИИБдин маалыматтык электрондук журналына катталган.

Бекболот Турдушев 2021-жылы президент Садыр Жапаровго кайрылып, Түп районунун Балбай айылына мектеп, бала бакча куруп берүүнү суранганы менен белгилүү болгон. Аны менен С.Жапаров жолугушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE