Пример HTML-страницы

Чоң-Жаргылчак айылында «Байтөлө» каналы кеңейтилип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун Жаргылчак айыл аймагына караштуу Чоң-Жаргылчак айылында сугат суу маселеси чечилүүдө, деп билдирет аймактык кабарчы.

Райондун Чоң-Жаргылчак айылында бир катар жылдан бери сугат суусун тартып келүүдө көйгөй жараткан «Байтөлө» каналында оңдоп-түзөө, казуу, кеңейтүү иштери жүргүзүлдү.

Жаргылчак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен тиешелүү акча каражаттар бөлүнүп, «Иштерман» муниципалдык ишканасынын техникасынын жардамы менен узундугу 1 чакырым, туурасы 1.20 метрлик каналды кеңейтүү жана казуу иштери жүрүүдө.

Буга чейин каналдын туурасы болгону 1.20 метр болуп, секундасына 400 литр суу алууга мүмкүндүк жаралган. Ал эми жүргүзүлүп жаткан иштерден кийин каналдын туурасы 2,5 метрге кеңейип, секундасына 1 куб суу алууга мүмкүндүк жаралууда. Бул каналдан аккан суу менен жаздан күзгө чейин 200 гектардан ашык жерди суугарууга шарт түзүлөт дешет элеттиктер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE