Пример HTML-страницы

Чүйдө башына ок тийген жоокердин Бишкектеги ооруканага которушту

Акыркы жанылыктар

Turmush21-октябрда «Чалдыбар-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пунктунда октон жаракат алган жоокер Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталга которулду.

Кара-Балта шаардык аймактык ооруканасынын маалыматына караганда, ал 24-октябрь күнү Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жеткирилди. Анын абалында оңолуу байкалган.

Окуя тууралуу:

21-октябрда Кара-Балта шаардык ооруканасынан «Чалдыбар-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пунктунда октон жаракат алган 21 жаштагы жаштагы аскер кызматкери Ж.А. оор абалда жатканын кабарлашкан.

Буга чейин УКМКнын Чек ара кызматы Кара-Балта шаардык ооруканасына аскер кызматкери жеткирилгенин билдирген. Анда ал куралды этиятсыз колдонуудан улам ок атылып кеткени айтылган.

«Абалы оор, комада жатат. Бул факты боюнча тиешелүү түзүмдөргө маалымат берилген. Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы иштеп жатат», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE