Пример HTML-страницы

Чүйдүн айланасын өз алдынча өсүүчү жапайы гүл каптады

Акыркы жанылыктар

TurmushКызгалдак жыл сайын гүлдөгөнүнө карабай, жергиликтүүлөр таң калуудан жана анын кооздугунан ырахат алуудан тажашпайт.

«Жаздын орто чендеринде Чүй өрөөнүнүн бүтүндөй талааларында кызгалдак каптайт. Көбүнчө алар апрелдин аягында жана май айынын башына чейин гүлдөйт», — дешти жергиликтүүлөр.

Кызгалдак — өз алдынча өсүүчү жапайы гүл. Окумуштуулар кызгалдактын 100дөн ашык түрүн аныкташкан. Кыргызстанда анын 70тен ашык түрү бар. Бул гүл абдан назик келип, үзгөндөн кийин бат эле соолуп калат

Кызгалдак гүлдөө мезгилиндеги кооздугу менен байыртадан бери көптөгөн элдерди таң калтырып келет. Маселен, байыркы Грецияда апийим жер энени чагылдырган, бардык тирүү жандыктарды төрөп, өлгөндөрдү кабыл алган дыйканчылыктын кудайы Деметранын символдорунун бири болгон. Ал эми азыркы Англияда кызгалдак Биринчи дүйнөлүк согуштун бардык курмандыктарын эскерүү символу болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE