Пример HTML-страницы

Бешинчи жолу ата-энесин издеттирген Айжамал табылып, жоругунун себебин айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 25-октябрда 12 күндөн бери изделип жаткан Айжамал Алымбаева Жалал-Абад облусунун аймагынан табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Айжамалдын айтымында, ал ата-энеси менен эч кандай пикир келишпестикке барган эмес. Болгону өзү жалгыз жашагысы келген. Ата-энеси издешин билип, уюлдук телефонунун номурун толугу менен алмаштырган.

Эске салсак, бул кыздын бешинчи жолу жоголушу.

Буга чейин Turmush басылмасы 2004-жылы туулган кызы — Алымбаева Айжамал Жеңишбековна ушул жылдын 13-октябрында Ош мамлекеттик университетине караштуу юридикалык колледжден чыккандан кийин дайынсыз болуп жатканын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE