Пример HTML-страницы

Балага чет тилди качан үйрөтүү керек?

https://kyrgyzcha.site/?p=45184&preview=true Пайдалуу кеңештер.

🌟🌟🌟Балага чет тилди качан үйрөтүү керек?

 

Чет тилде таза сүйлөгүңүз келсе, аны бала кезиңизде үйрөнүү зарыл экен. Окумуштуулар чет тилди кайсыл жашка чейин окуса, аны эне тилиндей өздөштүрөрүн аныктап чыкты.

 

Айталы, балаңыз англис тил грамматикасын ошол улут өкүлүндөй билсин десеңиз, бала он жашка чейин тилди окуп башташы өтө маанилүү дейт окумуштуулар.

 

Адам баласы 17-18 жашка чейин жаңы маалыматты кабыл алып, аны жакшы өздөштүрөт экен. Андан кийин маалыматты кабыл алуу жайлай баштайт.

 

Абройлуу Cognition журналына жарыяланган изилдөөдө окумуштуулар ар башка улуттагы 670 миң адамдын грамматика боюнча экзамендин жыйынтыгына таянып, адамдын чет тил үйрөнүүдөгү эң натыйжалуу курагы аныкталган.

 

Кеңири аудиторияны камтуу үчүн экзамен «Фейсбук» коомдук сайтына жарыяланган.

 

Катышуучулар англис тилиндеги сүйлөмдөр туура түзүлгөнбү же жокпу текшеришкен.

 

Тестти бүткөндөн кийин катышуучулар өзүнүн жашын, англис тилди качан окуп баштаганын жана кандай жагдайда чет тилди окуганын айтып беришкен.

 

Катышуучулардын 246 миңи англис тили кеңири тараган чөйрөдө өскөн, бала кезинде эле ангис тилин көп колдонушканын билдиришкен. Башка катышуучулар англис тилин бойго жеткенден кийин окушкан.

 

Катышуучулардын көбүнүн эне тили фин, түрк, немис, орус жана мажар болгон. Ал эми тестке 20-30га чейинки кишилер катышкан. Эң карыя катышуучу 80де болсо, эң жашы 10го чыккан улан болчу.

 

Окумуштуулар компьютер программанын жардамы менен чет тил грамматикасы жаш куракта мыкты өздөштүрүлөт деген тыянак чыгарышкан. Жаш өткөн сайын жаңы тилди өздөштүрүү оор боло берет.

 

Карыялар чет тилди өздөштүрө алабы?

 

Тилди жаш куракта үйрөнүү оңой экенин көпчүлүк окумуштуулардын изилдөөсү жок эле билишкени калетсиз.

 

Изилдөөчүлөр жашы өткөндөн кийин деле чет тилди мыкты өздөштүрсө болот деген пикирде. Бир гана чет тилди кеч үйрөнгөндөр аны эне тилин билгендей деңгээлге жеткире албайт экен.

 

18 жаштан кийин чет тилди кабыл алуу эмне себептен оор болуп калаары дале белгисиз. Айрым окумуштуулар анын себеби мээнин өзгөрүүлөргө карата ийкемдүүлүгү менен байланыштырышат.

 

Жош Тененбаум — изилдөөнүн авторлорунун бири. Массачусетс технологиялык институттун окумуштуусу «балким биологиялык өзгөрүүлөр болот. Ал негизинен маданий жана коомдук көз караштар менен байланыштуу. Дүйнөдөгү улуттардын көбүндө 17-18 жашка чыккандар ата-энесинен бөлүнүп, бойго жеткен адам катары саналат. Алар жогорку окуу жайда билим алып же иштей баштайт. Мунун баары чет тилди өздөштүрүүдө таасир этет» деп айтты.

 

Арийне, бул 18 жаштан кийин же андан дагы улгайып калган адам чет тилди үйрөнө албайт дегенди билдирбейт. Окумуштуулар улгайган адамдардын чет тилди окуганы алжып калууну жайлайт деген пикирде.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE