Пример HTML-страницы

Байгазы дилбаян сынагында климаттын начарлап баратканын белгилеп, 1-орунга ээ болду.

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башыда «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы менен Билим берүү жана илим министрлигинин биргелешкен буйругунун негизинде Бүткүл дүйнөлүк почта уюму тарабынан жаштар арасында жыл сайын өткөрүлүүчү эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаяндар сынагы уюштурулду.

Сынакка бир топ окуучулар катышып, биринчи орунду Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Байгазы Токтогазиев камсыз кылып, акчалай сыйлык менен сыйланды.

«Климатты кантип өзгөртө аласыңар?» деген дилбаян жазгам. Азыр чындыгында климат бузулуп жатат. Менин киндик тамган жерим — Ача-Кайыңды айылы. Ал жакта боор оорулары көп катталат. Көрсө, мурда тоолорго койлордун тарпын көмчү экен. Ошол тоолорду аралап келген суулар боор ооруларын пайда кылат экен. Мен ушул маселени жана климаттын бузулушуна себеп болуп жаткан унааларды жаздым.

Мектепте жалаң «5» деген баага окуйм. Келечекте Швейцарияда окуп, анан туулган жеримди Швецария кылгым келет», — деди ал.

Кыргыз тилчи Аида Касымалиева Байгазынын азыркы класс жетекчиси. Анын айтымында, Байгазы класста мыкты окуган жана таланттуу окуучулардын бири. Ал көп ийримдерге катышат.

33 жылдан бери башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенип келе жаткан Венера Кылычбаев Байгазынын биринчи мугалими.

«Байгазынын биринчи мугалими болом. Биринчи класска мотурайып келген. Ошондо эле таланттуу, кыйын окуучу болчу. Ага көп ийгиликтерди каалайм», — деди ал.

Уюштуруучулар бул сынак эми республикалык деңгээлде өткөрүлүп, жеңүүчү чет өлкөгө барып эс алып, жер көрүп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE