Пример HTML-страницы

Ат-Башыдагы жетекчи эмнеге жини келди?

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районундагы мектептерде камсыздандыруу иши жай жүрүп жатканына жини келген райондук мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун башчысы Абылкадыр Касымов райондук жыйында мектеп жетекчилерин сынга алды.

Жыйынга айыл өкмөт башчылары, санэпидемстанциянын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, мектеп, бала бакчанын директорлору катышты. Анда билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жана кемчиликтер айтылды.

Абылкадыр Касымов мектеп директорлору камсыздандырууга жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатканын айтты.

«Мектепке барганда мектеп жетекчилер жактоочу болуп аласыңар. Бул мамлекеттин иши, менин ишим эмес. Аткаруучулук тартип жок, аябай начар. Өмүр бою кызматта жүрүп, коллегияда калчылдап, бизди тургузбаса экен деп отурчу элек. Жетекчилик жонуңардан сылап-сыйпап иштегиле деп жатат. Ошону билип, «ушул жерден агарып-көгөрүп жатам» деп, өзүңөргө өзүңөр сын көз караш менен караш керек.

Калп, «лапшанын» баарын илесиңер. Калп анализди районго бересиңер. Жалпы айткан менен жыйынтык жок. «Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» деп отура бересиңер», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE