Пример HTML-страницы

Алайда даткалардын атын алып жүргөн сейил бак кароосуз калды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунун Гүлчө айылындагы Алымбек датка жана Курманжан датка эс алуу багы кароосуз калды Turmush басылмасынын кабарчысы эс алуу багынын абалын жеринен көрүп келди.

Эс алуу багынын аймагындагы айкелдердин өңү өчүп, урап баштаган. Таман таштар алынган боюнча кайра төшөлгөн эмес. Ошондой эле балдар ойноочу аянтчадагы шаймандар толугу менен жараксыз болуп, отургучтардын жарымы чирип, сынып калган. Бактын ичи таштандыга толгон. Белгилүү инсандардын сүрөттөрү коюлган темир тактайча чирип баштаган. Ичиндеги кампа сыяктуу имараттын дубалдары көчүп, ичи таштандыга толуп, жагымсыз жыт чыгып турат.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, сейил бак оңдолуп калса, жашоочулар үчүн жакшы болмок. Анткени Гүлчө айылында мындай чоң сейил бак жок.

Эс алуу багы 1998-жылы түптөлгөн, жалпы 3 гектар 41 сотых аянтты ээлейт. Сейил бак Нарматов көчөсүнүн боюнан орун алган. Сырттан келген конокторго алгач эле аталган аймак көрүнөт.

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Нурсултан Тажибаев каржы маселеси чечиле электигин айтты.

«Эс алуу багын толугу менен оңдоп-түзөөгө 98 млн сом керектелет. Учурда долбоор толук иштелип чыга элек. Эгер каржы маселеси чечилсе, оңдоодон өтөт», — деди Тажибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE