Пример HTML-страницы

«Ала-Арча» жаратылыш паркында чымчыктар эс алуучуларга «кол салышууда»

Акыркы жанылыктар

Turmush«Ала-Арча» жаратылыш паркында чымчыктар (синица) менен тыйын чычкандар келүүчүлөр менен эс алуучуларга «кол салышып», жем сурашууда.

Канаттуулар жана жаныбарлар эс алуучулар аларды багып жатканына көнүп калышкан.

«Чымчыктар менен тыйын чычкандар бири-бирине жакын аралыкта болушат. Адамдар жолго чыгаары менен дароо «чабуулдарын» башташып, жем сурап, бири-бири менен күрөшүшөт. Чымчыктар менен тыйын чычкандар дээрлик колго көнүп калышты. Ошондуктан чемичке менен жаңгактарды коркпостон адамдын колунан ала алышат. Жаныбарлар ушунчалык колго көнүп калгандыктан, баштыктын шыбыроосу менен багыт алышат. Жөн эле баштыкты шыбыртылатсаң, алар бадалдын артынан көрүнөт», — деп өз байкоолору менен бөлүштү жаратылышты сүйүүчү Николай Бородин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE