Пример HTML-страницы

Ак-Талаада «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунда «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык сынагынын райондук туру өткөрүлүп, жеңүүчүлөр облустук турга катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Балдар билим берүү борборунун мугалими Кайыргүл Айдаркулованын айтымында, сынакка катышкан окуучулар жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер, приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар, энергия жана энергияны сарамжалдоочу технологиялар, робототехника жана автоматташтырылган технологиялар, дубал моделдери багыттары боюнча жасаган эмгектерин сынакка коюшту.

«Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер» номинациясы боюнча 10-13 жаштагылар арасында:

— 1-орун — Балдардын билим берүү борборунун окуучусу Жамин Дөөлөтбеков,

— 2-орун — Жерге-Тал айылынын Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Асел Нурбекова алды.

Ак-Тал айылынын Аскар Турдакунов атындагы орто мектебинин окуучулары Нургазы Жакыпов, Жолдошбек Айыпов, Сыйлаш Казыбековдор активдүү катышуучулар болуп табылды.

«Приборлор, радиожабдуулар жана телекоммуникациялык системалар» номинациясы боюнча;

— Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучусу Даниэл Фархатов активдүү катышуучу болуп табылды.

«Энергия жана энергияны сарамжалдоочу технологиялар» номинациясы боюнча 10-13 жаштагылар арасында;

— 2-орун — Үгүт айылынын Мума Баетов атындагы орто мектебинин окуучусу Рамазан Таалайбеков;

— 3-орун — Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Жамин Дөөлөтбеков жана Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинин окуучусу Азамат Кыдыралиев.

Байгөнчөк айылынын Табрис Оторов атындагы орто мектебинин окуучусу Нагима Каныбекова, Салават Атапова жана Жаркынай Турсунбекова активдүү катышуучу болуп табылды.

14-18 жаштагылар арасында:

— 1-орун — Ак-Чий айылынын Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинин окуучусу Актилек Насирдинов, Айдана Турсунбаева жана Нурислам Айтбаев;

— 2-орун — Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучусу Баястан Жумабеков,

— 3-орун — Жерге-Тал айылынын Итикул Молдобаев атындагы орто мектебинин окуучусу Амантур Болотов, Улукмырза Кубатов жана Умар Абдыманапов.

Жаңы-Тилек айылынын Сабитакун Жусупбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Айназик Таалайбекова активдүү катышуучу болуп табылды.

«Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар» номинациясы боюнча 10-13 жаштагылар арасында;

— 1-орун — Баетов айылынын Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучусу Нурмухаммед Муратканов Нурмухамед багындырды

14-18 жаштагылар арасында:

— 1-орун — Кызыл-Белес айылынын Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин окуучусу Нурдан Сабырбеков;

Байгөнчөк айылынын Табрис Оторов атындагы орто мектебинин окуучусу Кайрат Турсуналиев жана Байэл Илимбеков активдүү катышуучу болуп табылды.

«Дубал моделдери» номинациясы боюнча 14-18 жаштагылар арасында;

— 1-орун —Үгүт айылынын Муса Баетов атындагы орто мектебинин окуучусу Замирбек кызы Медина;

— 2-орун — Балдардын билим берүү борборунун окуучусу Хадижа Курманбекова;

— 3-орун — Үгүт айылынын Муса Баетов атындагы орто мектебинин окуучусу Жылдызбек кызы Хадижа.

Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучусу Айым Келдикеева жана Бактыгүл Жакшылыкова активдүү катышуучу болуп табылды.

Ар бир номинация боюнча 1-орунду алган окуучулар облустук турга катышууга жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE