Пример HTML-страницы

Айтматов районунда өспүрүм баланы унаа сүзүп кеткен. 48 жаштагы тургун шектүү катары кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushАйтматов районунда жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кетүүгө шектелген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 2023-жылдын 16-майында Айтматов районунда белгисиз унаа өспүрүм баланы сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Аталган факт Айтматов РИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, «Колго түшүрүү» типтүү планы менен издөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада 1975-жылы туулган Ж.Б. аттуу жаран шектүү катары кармалган.

«Текшерүү учурунда анын жол кырсыгына тийиштиги бар экендиги жана кырсык болгон күнү «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунааны мас абалда башкарып бара жаткандыгы аныкталган.

Унаа Айтматов РИИБдин айып короосуна киргизилип, өзү тергөөдө сурак берүүдө.

Өспүрүм алган жаракатынан ооруканага жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки текшерүү жана иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE