Пример HTML-страницы

23 жаштагы И.Каныметов тай бокс боюнча чет өлкөлөрдөгү мелдештерде да ийгиликтерге жетишип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКемин районундагы Кызыл-Октябрь айылынын 23 жаштагы тургуну Ихтияр Каныметов тай бокс (муай-тай) менен машыгып, ийгиликтерди жаратып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 6 жолу Кыргызстандын биринчилигин алып, «Кыргызстан бермети» мелдешинде чемпион болгон.

«Спорт дүйнөсүнө аралашып калышыма бир тууган агам түрткү болду. Өзү дагы спортко жакын. Ошондон бери спорт менен машыгып келе жатканыма 12 жыл болду. Спорттун тай бокс түрү менен машыгып келем.

«Open Uzbekistan» мелдешинде 3-орунду жана Дүйнө биринчилигинде 2-орунду алдым. Дүйнө биринчилиги ушул жылдын 12-20-март күндөрү Таиланддын Бангок шаарында өттү. Мен 63,5 кг салмакта күч сынашып, күмүш медаль алып келдим. Мени менен бир залда чогуу машыккан досум Элазан Замирбеков аталган мелдеште 1-орунду багындырды. Биздин ушундай ийгиликтерибизге, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Виктор Кутеповдун салымы абдан чоң. Бизге чейин эле канчалаган чемпиондорду тарбиялап өстүрдү. Чынында абдан мыкты машыктыруучу. Мен дагы агайымдай болуп балдарды машыктырсам деп кыялданам. Келечекте алдыдагы мелдештерде алдыңкы орундарды камсыздап, өлкөмдүн атын алыска таанылтсам дейм» — деди ал.

Жаш спортчу үй-бүлөдө 6 бир туугандын эң кенжеси экенин кошумчалады.

«Атамдын Субанбек Эгинчиев 63 жашында 2020-жылы пандемия учурунда кайтыш болгон. Апам Шарапат Камалходжаев менен чогуу айылда жашайбыз. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын эң кенжесимин. Менден улуу 3 эжем, жана 2 агам бар», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE