Пример HTML-страницы

18 жашында турмушка чыгып, билим алып, кыялданган кесиптин ээси болгон Мырзагүл айым

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылынын тургуну Мырзагүл Теңирберген кызы 18 жашында турмушка чыгып, өзү кыялданган кесиптин ээси боло алды.

Каарманыбыз 1980-жылы 12-сентябрда Жумгал районунун мурунку Миң-Куш шаарчасында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

«Атам Теңирберген Тултуков мен окуган билим берүү уясында — А.С.Пушкин атындагы мектепте 18 жыл мектептин директору болгон. Апам Созулган Шатемирова башталгыч класстын мугалими болгон. Азыркы учурда ардактуу эс алууда. 9 бир тууганбыз, 3 кыз, 6 уул. Мен 9 бир туугандын жетинчисимин жана кыздардын кичүүсүмүн», — деди ал.

Ардактуу мугалим мектепти аяктагандан кийин 1997-жылы Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетине тапшырып, башталгыч класстын мугалими болуп чыккан.

«Эмгек жолумду 2006-жылы Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясында баштагам. Бул мектепке университеттин жолдомосу менен баргам. 2007-жылы экинчи кызымды төрөп, декретке чыгып кеттим. Турмуш шартка байланыштуу Бишкек шаарына көчүп барып, 12 жыл жашадык. Ошентип 2010-2012-жылдары Бишкек шаарындагы №181 бала бакчасында тарбиячы болуп иштедим. Бала бакчада иштеп калам деген оюмда болгон эмес. Кызымды бала бакчага киргизгени барсам, «бизге тарбиячылар жетишпейт, жумушка кирсең, кызыӊды да алабыз» деген шарт коюлуп калды. Мен макул болуп иштеп калдым. Бала бакчанын да өзүнүн түйшүгү болот экен. Бир тайпада 40тан бала болот. Таң атпай, саат 07:00дө балдарды тосуп алыш керек. Кечинде ата-энелери жумуштан бошоп келгенче саат 19:00 болот. Ошентип үйгө кеч келебиз. Балдарын унутуп калган апалар да болот. Үйүнө чейин жеткирип берген күндөр да болгон.

Кийин жеке менчик балдар бакчасында иштеп калдым. Ал жакта мамлекеттик бала бакчага караганда бир кыйла жеңил болчу. Биринчиден балдар аз, бир тайпада 10-12 бала менен эле иштейсиң. Балдарды окутуп үйрөткөнгө абдан жеңил эле. Анын үстүнө бардык шарттары каралган. Экинчиден алган айлыгым дагы жакшы. Мамлекеттик бала бакчадан 1800 сом алчумун. Батиримдин ижарасы 2000 сом эле. 2019-жылы турмуш шартка байланыштуу Ысык-Ата районундагы Ивановка айылына көчүп барып, Ивановка №4 башталгыч мектебине ишке орношуп, иштеп калдым. Ушул күнгө чейин аталган мектепте эмгектенип келе жатам», — деди ал.

Мырзагүл айым келечекте чыгаан уул-кыздарды тарбиялап, билим берип уясынан учургусу келерин айтат.

«Азыркы окутуп жаткан окуучуларым 4-класс болуп калышты. Ар бир окуучум жакын. Алардын жетишкендиктери кубандырат. Себеби, биз окуткан балдар — биздин келечек, Кыргызстаныбыздын келечеги.

Бош убактымда китеп окуганды жактырам. Көңүлүм чөгүп турган убакта ырдасам, жеңилдеп калам. Мектепте майрамдарда комуз чертип, ырдап, кийин деле студент болгон кезде ар кандай кароо-сынактарга катыштым. Азыркы убакта деле чыгармачылыкты таштабай келем. Жакында эле Эгемендүүлүк күнүнө карата «Ыр- Кербен» теледолбоору уюштурган концертке катышып, диплом алдым», — деди ал.

Ардактуу мугалим жолдошу менен 2 уул, 1 кыздын ата-энеси. Бирге жашап келе жаткандарына 25 жыл болду.

«Жолдошум менен 2-3 эле жолу көрүшүп, баш кошконбуз. Ал кезде 18 жашта элем. Кудайга шүгүр, бактылуу үй-бүлөнү түптөй алдык», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE