Пример HTML-страницы

«Жолдошумдун аялы үйдөн чыгарып койду»: 15 жашында үйүнө кайтып келбеген Нургүлдүн окуясы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жашап жаткан Нургүл Жолборсованын 3 баласынын өздүк документи жок.

Учурда Нургүл айым 43 жашта. Анын 2 эркек баласынын туулгандыгы жөнүндө күбөлүгү жана 20 жаштагы эң улуу баласынын паспортту жок. Ушул документтерди алууга тиешелүү кызматтардан жардам сурап кайрылат.

«Себеби өзүм алып берүүгө каражатым жок. Учурда «Достук» заводунда пол жууп иштейм. Айлык акым айына иш болгонуна байланыштуу 2-3 миң сом болот. Бул менин үй-бүлөмдүн болгон бир айлык кирешеси.

Өзүм Кара-Көл шаарында төрөлүп-өскөм. 15 жашымда үйдөгүлөр менин жүргөн-турганымды айтып уруша бергендиктен таарынып үйдөн чыгып кетип, кара келген эмесмин. Ошол бойдон Жалал-Абад шаарына барып, бир кемпирдин үйүндө жашап, 18 чыкканда ал мени биринчи турмушума узатат.

Биринчи жолдошум менен жашап жүрүп, 1 уулдуу болдук. Ал каза болуп калгандан кийин Сузак жергесине келин болуп бардым. Жолдошум экөөбүз 2 уул жана 1 кыздуу болдук. Мен 15 жашымда үйдөн документи жок чыгып кеткен бойдон паспорт да ала албадым. Балдарымды үйдө төрөдүм. Экинчи жолдошум менен 15 жылга чукул жашадык. Бирок никебизди молдо кыйган менен нике күбөлүк алган жокпуз. Кызымды төрөтканадан жарыкка алып келгендиктен айыл аксакалдары тааныш аркылуу алып чыгышты. Ал эми кызыма күбөлүктү Кара-Көлдөн келип алдым», — деди ал.

Анын күбөлүгү жок бир баласы 13тө, экинчиси 12 жашта.

«Кара-Көл шаардык социалдык коргоо башкармалыгына бул көйгөйлөрүмдү айтып кайрылдым. Алар документтердин жарымы даяр болгонун, эми адвокат жалдашым керегин жана бул иш сот аркылуу чечилерин айтышты. Мен ага чейин улуу балама Жалал-Абадда окуган жеринен тактама алып келишим керек экен», — деди ал.

Анын айтымында, жолдошу Жалал-Абадда болгон жол кырсыгынан улам каза болгондон кийин үйдөн кууп чыгышкан.

«Жолдошумдун биринчи аялы үйдөн чыгарып койду. Үйдүн документи кимге жазылганын билбейм. Айылдагы аксакалдар: «үй ушул аялга калыш керек» деп мен тарап болушту. Бирок алардын айтуусунан жыйынтык болгон жок.

Улуу балам үйдү талашайын десем, болбой койду. Ошентип тугандарым 3 жыл мурун Кара-Көл шаарына көчүрүп келди. Келсем ата-энем жана 2 агамдын көзү өтүп кетиптир. Ошол ата-энемдин үйү бир тууган сиңдиме өткөн экен. Ошол жерде аны менен 4 балам болуп жашап жатам, үйүбүз жок. Улуу балам иштейин десе, паспорту жок. Мен иштеп келейин десем, балдарым жаш. Эмне кыларымды билбей турам. Бизге документ алып бергенге жардам беришсе жакшы болот эле», — деди ал.

Нургүл Жолборсова учурда жашап жаткан жерде шарт жакшы эмес. Ага жардам берүүнү каалагандар 0507 100 978 номуруна чалып, байланышса болот. Мындан сырткары кийим кече, акчалай жардам берем дегендер болсо андан жакшы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE