Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздө сөөлжанды баладай карап баккан Туратбек Жанболотов тажрыйбалары менен бөлүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районунун тургуну Туратбек Жанболотов 1996-жылдан бери Саруу айылынын жогору жагындагы кашарда мал багып келет. Алгач малдын кыгын айылдаштарына таратып келсе, бүгүнкү күндө сөөлжан багып, органикалык таза жер семирткич алып жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

«Бала кезден эле мал багып өстүк. Союз ыдырагандан кийин айыл четиндеги жерди алып, мал багууга өттүк. Малдын кыгы жерге абдан пайдалуу экенин жакшы билебиз. Бизде үймөк болгон кык ашып калчу, анан элге таратып жиберчүмүн. Былтыр борбордон бир ууч сөөлжанды 2 миң сомго сатып алдым. Кичинекей кутучага салып келип, баладай караган сөөлжандар азыр көбөйүп, тонналаган жер семирткич сатууга жетиштик. Бул тез көбөйүүчү сойлоп жүрүүчү жандык экен. Бир сөөлжан жылына 3 миңден беш миңге чейин көбөйөт экен. Калифорния сөөлжаны топуракты кыйла майдалап, канчалаган заттарды бөлүп чыгарат. Өсүмдүк болобу, же алма баккабы баарына пайдалуу экен. Биогумуска болгон суроо-талап көбөйүүдө. Азыр үйгө чейин издеп келип алгандардын саны арбын. 1 килограмм топуракты 15-20 сомдон сатабыз. Сөөлжандын заарасынын 1 литрин 80 литр сууга аралаштырып, жер семирткич катары колдонсо болот.

Чынында сөөлжанды баладай эле карайм. Чириндилерди алып келип төгөм, анан кагаз, картон да жейт экен. Азыктарын берип, учурда кышка карата жылуулап жаткан чагыбыз. Жазгысын иштелип чыккан топуракты алып, электр элегичи менен элеп, анан таза гумс алабыз. Ал бышып жетилген соң даяр болот. Малдын кыгына багылган сөөлжандарга алманын, жашылчанын калдыктарын салып азыктандырабыз. Ошентип, алар белгилүү бир мөөнөттө топуракка керектүү заттарды бөлүп чыгарып, жер семирткич даярдалат. Экологиялык жактан таза болгон өсүмдүктөрдү өстүрүүгө кызыктарбыз. Анткени химикаттарга өскөн жашылчалар ден соолукка зыян экенин билебиз. Бул ишти кеңейтип, көбөйтүүнүн үстүндөбүз. Сатып алууга кызыкдар болгон багбан жана дыйкандарга маалымат берип түшүндүрөбүз. Эми буюрса жаз мезгилине карай тонналаган биогумус даярдалып калат. Биз муну өзүбүз үй шартында жашылчаларга пайдаланып, мол түшүм алган соң, башка фермерлерге да сунуштадык», — дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE