Пример HTML-страницы

Жети-Өгүздө расмий аталышы унутулуп бараткан «бадыраңдын мекени» — Алкым айылы

Акыркы жанылыктар

TurmushЖети-Өгүз районундагы айылдардын бири эл оозунда «бадыраңдын мекени» деп айтылып келет. Ал — Алкым айылы. Бул айыл тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымат топтоду.

Алкым айылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ырдык айыл аймагында жайгашып, деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте орун алган.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, коңурат уруусунан чыккан баатыр Керимбайдын уулу Маралдай элди жыйнап: «Агайын туугандар, азыркы жашоо ушул бойдон турбайт. Заманыбыз барган сайын өзгөрүлөт. Кызыл-Суу, Жети-Өгүз, Липенка сыяктуу жерлерге келгин орустар отурукташып алышты. Тоодон ылдыйлап, жакага түшөлү» дейт. Эл ага макул болушат.

Тоо этегиндеги жол Ырдык суусу аркылуу өтүп, Челпек айылына барып такалган. Мындан улам мурда кокту-колотту жердеп келген эл жакага, аталган суунун аймагына түшүп, жаңы журтун Алкым деп аташкан.

Арадан 96 жыл өткөндөн кийин, 1993-жылы 13-мартта Алкым айылы Балтабай деген хандын атынан Балтабай айылы болуп атала баштайт. Бирок айылдын аталышын тастыктаган тийиштүү документтер толук бүткөрүлбөй калгандыктан, расмий аталышы Алкым бойдон калган. Ошентсе да, эл ичинде расмий аталышы унутулуп, Балтабай болуп аталып келет.

Айылда ар улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашашат. Бадыраң өстүргөн тургундар арбын болгондуктан, айыл «бадыраңдын мекени» деп да айтылат. Жергиликтүү эл негизинен мал багып, жер иштетип, тиричилик кылып келишет.

Айылда 1213 адам, 240 түтүн эл жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE