Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында метан газын куюучу станция ишке кирди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында метан газын куюучу станция ишке кирди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын муниципиалдык автобазасынын жетекчиси Автандил Максүтов билдирди.

Анын айтымында, станция Сузак районунун Жалал-Абад шаары менен чектешкен аймагында жайгашкан. Мында бир учурда 8 автобус газ куйса болот.

«Метан газын куюучу станциянын курулушу өткөн жылдын ноябрь айында башталган. Ал өзбекстандык инвесторлор тарабынан каржыланып, жергиликтүү бийлик, тийиштүү кызматтар тарабынан тез арада ишке киргизүү үчүн көмөк көрсөтүлдү. Мындай газ менен жүргөн автобустар башка күйүүчү майлар менен жүргөн автобустарга караганда дээрлик эки эсеге чейин аз каражат сарптайт. Бүгүнкү күндө 1 куб газдын наркы 30 сомдун тегерегинде бааланып жатат. Ал эми бир жолу толук заправка болгон автобус 400 чакырымга чейин же болбосо 2 күнгө чейин жүрө алат», — деди ал.

Бул жайдан муниципиалдык автобустар эле эмес, жеке айдоочулар да пайдаланса болот. Бүгүндөн тарта 4 линия боюнча 37 автобус каттамга чыкты. Эртеңден дагы 3 каттам ишке чыгат.

Жалал-Абад шаарында аялдамалардын жетишсиздиги маселе жаратып келет. Мындан улам калаа башчысы Эрнисбек Ормоков быйыл шаарга 20 жаңы аялдама курулуп пайдаланууга берилерин айткан. Аны менен катар аялдамадан башка жерге токтогон айдоочуларга чара күчөтүлөрүн кошумчалаган.

Муниципиалдык автобазанын балансында метан газы менен жүргөн 50 автобус жана 10 электробус бар.

  • Өткөн жылы өлкө башчы Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарынын күнүн утурлай 50 автобус белекке берген. Ал эми быйыл февраль айында калаа бийлиги баш аягы 120 млн сомго тендер аркылуу 10 электробус сатып алган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE