Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-октябрда Жалал-Абад шаарында 639 батирден турган ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчлиги жана калаа тургундары катышты.

Курулуш президенттин демилгеси менен жарандарды мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Президенттин иш башкармалыгы, Мамлекеттик ипотекалык компания жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен үч тараптуу келишим түзүлгөн.

Ипотекалык турак жайга шаардык мэрия тарабынан 1,6 гектар жер тилке ажыратылган. Курулуш аяктаса мамлекеттик кызматкерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу үй-бүлөлөргө 4 пайыздан, калган тургундар 8 пайыздан үй алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү бул иш-чара Жалал-Абаддагы турак үйгө муктаж болгон тургундардын көптөн күткөн тилеги экенин белгиледи. Анын айтымында, облуста ипотекалык турак жайларды куруу планы дагы уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE