Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаардык милициясы жаңы имартта иштеп баштайт. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жаңы имаратында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыганан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардык милициянын өздүк курамы 2023-жылдын 1-ноябрына чейин көчүрүлөт.

«Жалал-Абад шаарынын Эркиндик көчөсүндөгү 3 кабаттан турган имарат буга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансынан Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Бүгүнкү күндө имарат Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө берилип, өздүк курам жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жатат. Оңдоо иштери ушул жылдын 1-ноябрына чейин бүткөрүлүп, өздүк курам жаңы имаратка көчүрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад шаардык милициясы иш алып барган имарат буга чейин бала бакча болчу. Шаар бийлиги эски имаратты кийинки жылы кайрадан оңдоп, мектепке чейинки билим берүү мекемеси катары иштетүү планы бар экенин айтты.

«Жалал-Абад шаарында буга чейин бала бакча болуп иштеп, кийинчерээк имарат тартыш болуп, башка мекемелерге берилип кеткен 2 имарат бар. Аларда Юстиция министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгы жана Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү иш алып барат. Ушул тапта калаанын Кашкин көчөсүндөгү имараттан шаардык милициянын өздүк курамы чыгып кетүү алдында турат. Алар чыкса, кийинки жылы имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, кайрадан бала бакча катары иштетүү планыбыз бар. Бул боюнча Министрлер кабинетинин атайын токтому да бар. Ал эми Юстиция министрлигинин башкармалыгын башка имаратка көчүрүү планыбыз бар», — деди Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова.

Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, ушул тапта Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык бала бакча бар. Аларда 5100дөн ашык бала тарбияланат.

Билим берүү кызматкерлери калаадагы бала бакчага 20 миңден ашык бала бакчага барбаганын, аларды тарбиялоо үчүн дагы 44 бала бакча куруу зарылчылыгы бар экенин айтышат.

Ал эми Эркиндик көчөсүндөгү 3 кабаттуу имаратта Жалал-Абад шаардык соту жана шаардык прокуратура жайгашып, бир имаратта иш алып барып келчү. Быйыл август айында шаардык сот сот адилет үйүнө, ал эми шаардык прокуратура мурдагы облустук соттун имаратына көчүрүлгөн.

Бул эки имарат тең Кадыржан Батыровдув Эл достугу университетинин имараты болчу.

————————————————-

Кадыржан Батыров 1956жылы 9мартта ЖалалАбадда туулган. Ал Кыргызстандагы өзбек коомунун лидери болгон.

К.Батыровго өлкөнүн түштүгүндө массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айып тагылып, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ага эл аралык издөө жарыялаган болчу. Ал эми 2012-жылы сот аны өмүр бою эркинен ажыраткан. 2011-жылы соттун чечими менен мүлкү конфискацияланган.

Ал Швецияда сасий башпаанек алган.

Кыргызстандын парламентинин мурунку депутаты Кадыржан Батыров 2018жылы 4-декабрга караган түнү 62 жашында Украинанын Одесса облусунда көз жумган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, ал намаз окугандан кийин уктап, бирок кайра ойгонгон эмес. Ал Ташкенттеги көрүстөндө жерге берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE