Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө уйдун ичинен чыккан буюм ветеринар Т.Имангазиевди таң калтырды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Чий айылынын 23 жаштагы тургуну Тойчубек Имангазиев элетте мал доктурлук кесипти аркалап келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«2018-жылы Бишкек шаарынын К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетине тапшырдым. Быйыл акыркы окуу жылым, мамлекеттик экзамендеримди ийгиликтүү тапшырып алдым. Учурда айылдагы күнүмдүк жумуштар менен алекмин. Буюрса диплом алсам, жумушка орношоюн деген ниет бар. Кичинекей кезимден эле мал-жандыкка жакын болуп өстүм. Ушундан улам бул адистикти тандап алдым окшойт.

Азыркы тапта акырындык менен жаныбарларды дарылап, анча-мынча операцияларды өз алдымча өткөрө баштадым. Негизи ветеринардык кесипти аркалоо оңой эмес. Анткени мал адамдарга окшоп, «бул жерим ооруп жатат» деп айта албайт. Андыктан бардык дээриңди, тажрыйбаңды салып, дарылоого туура келет», — деди ал.

Каарманыбыз жумуш учурундагы эсте калган окуялары менен бөлүштү.

«Каракол шаарындагы жеке клиникага оор абалдагы уйду дарылоого ээлери алып келишти. Ошол жакта иштеген байкелер менен уйга операция кылып, ичинен 20 килограмм салмактагы арканды алып чыктык. Аябай таң калып, шок абалда болдум. Көбүнесе уйлардын организмине макро жана микро элементтер жетпегендиктен, ар кандай таштандыларды, жип, целлофан, темир, сөөк жана башкаларды жей берет. Уй арканды бир эле жутуп алган эмес, 1-2 жылдан бери жеп жүрүп, акырындык менен чогулуп отуруп 20 килограммга жеткен.

Негизинен айылда мал кароо жана дыйканчылык менен алекмин. Бош убактымда ат таптап, айылдагы жигиттер менен көк бөрү ойногон абдан жагат. Үй-бүлөдө 7 бир тууганмын, 4 уул жана 3 кыз. Мен эркек балдардын ичинен эң кичүүсүмүн», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Буга чейин Turmush басылмасы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын дарыгери Нурбек Мукашов 59 жаштагы аялдын ичинен 8 килограммдан ашык көлөмдөгү кистаны операция жолу менен алганын жазган.

Кененирээк бул жерден окуй аласыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE