Пример HTML-страницы

Ысык-Атанын Дружба айылында үй өрттөндү

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Ата районунун Дружба айылында үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык айылдын Ленин көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйүп кетти.

Жайыл районунун Алексеевка айылында 2 гектар жердеги куураган чөп күйүп кетти.

Сокулук районунун Романовка айылында 1,5 гектер эгин талаа өрттөндү.

Чүй районунун Совет айылында бала бакчада 20 тонна көмүрдө өрт чыкты.

Чүй районунун Мээнеткеч айылындагы мектептин көмүрканасында 6 тонна көмүрдөн өрт чыкты.

Жайыл районунун Сосновка айылында 500 түк чөп өрттөндү.

Сокулук районунун Жаңы-Жер жана Зеленая айылдарынын кесилишинде 8 дарак өрттөндү. Учурда бул кырсыктардын себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE