Пример HTML-страницы

Ырчыны айылында жерге беришти (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

Turmush10-ноябрда Боомдогу унаа кырсыктан улам каза болгон ырчы Бекжан Темирхан кичи мекени Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагынын Беш-Короо айылында бүгүн, 12-ноябрда акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына ырчынын сахналаштары, айылдаштары жана туугандары келишти.

Маркумдун досу Алсеит мырзанын айтымында, маркум келе жаткан февраль айында жеке концертин өткөрөм деп камынып жаткан.

«Бекжан менен 2018-жылы Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинде окуп жүргөн учурда таанышканбыз. Тойлор, концерттер жана радиолорго эфирлерге чогуу барып жүрчүбүз. Абдан аракетчил эле. Бишкекте иниси менен карындашынын окуу акысын өзү төлөп окутчу. Февраль айында жеке концертин берем деп камынып жүргөн. Ал концерттен соң айылдагы үйүн чоңойтуп, атасына унаа алып берем деп көп айтчу», — деди ал.

Дагы бир досу Зарлык Камбаралиев Бекжандын коомчулукка жарыялана элек бир нече ыры анын ютуб каналына жүктөлөрүн айтты.

«Бир нече жылдан бери Бекжан менен чогуу иштешип келгем. Анын аткаруусундагы «Мадам», «Кантем», «Басканың майда», «Сурмаларың» деген ырлар менин калемиме таандык. Бекжан абдан шайыр мүнөз, энергиялуу жигит эле. 9-ноябрда Аксыда жакшылык болуп, ага чакырсам тою бар экенин, бара албастыгын айткан. Биз тойдо жүрүп сүрөткө түшкөнүбүздө, анын өкүл атасы Ишен Назаров агабыз уулун эстеп: «Арабызда өкүл уулум эле жетишпей турат» деп айтты эле. Эртеси күнү Бишкекке кайтып бара жатканыбызда суук кабарды уктук. Биз үчүн абдан оор болду.

Бекжан ырдап, бирок коомчулукка чыкпай калган бир нече ырлары бар. Чыгармачылыктагы достору элге чыкпай калган ырларын анын ютуб каналына чыгарабыз», — деди ал.

Окуя тууралуу:

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынын Turmush басылмасына берген маалыматына караганда, 1997-жылы туулган У. уулу Т. 10-ноябрда болжол менен саат 22:00 чамасында Чолок—Боом унаа жолунун 9-чакырымында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаасы менен күн батыштан күн чыгышты көздөй бара жаткан.

Алдын ала маалымат боюнча, катуу ылдамдыкта бара жаткан унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдун оң жагындагы тосмону сүзүп, андан соң жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү — 1995-жылы туулган Б.Т. (ырчы) каза болгон.

«Баракелде» редакциясы менеджери Мырзагүл Абдрахманова менен байланышканда ырчы туулган жеринде акыркы сапарга узатыла турганын билдирген.

Ырчы Кызсайкал Кабылованын айтымында, Бекжан Балыкчы шаарындагы тойго кызмат көрсөтүү үчүн бара жаткан.

«Бекжандын гонорары бизде болчу. Телефон чалып: «Доске жолдон берелиби же Бишкектен аласыңбы?» десек, азыр эле алып алайынчы деди. Боомдо күтө турам деген. Телефонду койгондон 10 мүнөттөн кийин телефон чалган Талгар деген досу: «Машина тоголонуп кетти, авария болдук» деди. Тамашалап жатса керек деп ишенген эмес элек. Барсам, машина толтура. Бекжанды тирүү дегилечи деп ыйлап кирдим. Бекжанды көтөрүп чыккыча 30 мүнөттөй убакыт өттү. Тез жардам келип эле текшерди. Анан «Сайкал, кайрат кыл» деди, нес абалда эле туруп калдым.

Бекжан экөөбүз эч жөн сүйлөшчү эмес элек. Өтө тамашакөй, шайыр адам элең», — деп жазды Кызсайкал Кабылова.

Бекжан Текмирхандын айылдаштары ал 12-ноябрда өзү өскөн Аксынын Үч-Коргон айыл аймагында жерге берилерин айтышкан.

«Маркум айылдын Беш-Короо участкасындагы орто жашаган үй-бүлөнүн тун уулу эле. Ырдап жүрүп, айылдагы үйүн оңдоп-түздөөдөн өткөргөн. Ата-энеси дыйканчылык менен алектенет.

Ушул тапта боз үй тигилип, маркумду акыркы сапарга узатууга даярдыктар көрүлүүдө. 20-октябрь күнү үйлөнгөн, чоң той деле өткөргөн эмес. Ата-энеси, жакындары үчүн оор болуп жатат», — деген айылдашы.

Ырчынын карындашы жана 3 иниси бар.


Тууганы Бекжан Темирхан көп жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызына сөйкө салып, алып кеткенине 1 ай боло элек болгондугун билдирген.

«Бекжандын келинчеги Бермет Жумгал районунан болот. Көп жыл сүйлөшүп жүрүштү. 21-октябрда сөйкө салып, алып кетишкен. «Азырынча сыр болсун, концерт өткөрүп алгандан чоң той беребиз» деген эле», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE