Пример HTML-страницы

Видео – Жол тескөөчүлөрдүн көзүнчө жол эрежесин бузган айдоочу дароо кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарында «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жабылган темир жол өтмөгүнөн өтүп, аны дароо ЖКККБ кызматкерлери токтоткон.

Маалыматка ылайык, окуя 17-ноябрда саат 17:19да Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө болгон. Жол эрежесин бузган айдоочу Кара-Балта шаарынын 1990-жылы туулган тургуну болуп чыкты.

ЖКККБ кызматкерлери тыгында турушкан. Жол эрежесин бузган адамды көрүп, аны токтотуп, протокол түзүшкөн.

Бул айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү («Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу») менен 1000 сом айып пул каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE