Пример HTML-страницы

УКМК тарабынан Самат Баймурзинов кармалды. Ал тууралуу эмнелер белгилүү?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунун Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысы УКМК кызматкерине пара берген деп шектелүүдө.

Айыл өкмөтүнүн башчысы — Баймурзинов Самат Оросович.

Предтеченка айыл аймагында 2 миң 306 адам жашайт. Айыл аймагы эки айылдан — 1707 адам жашаган Предтеченка айылынан жана 599 адам жашаган Аң-Арык айылынан турат.

Баймурзинов 1986-жылы 9-апрелде Беловодск айылында туулган. 2009-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин инженер-программист адистиги боюнча, 2015-жылы Ички иштер министрлигинин академиясын юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

Буга чейин Москва районунун мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси кызматын аркалаган, Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы болгон, мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы инспектору.

Баймурзинов райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлардын резервине кабыл алуу боюнча тандоо сынагына катышкан.

Сынакты Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги өткөрөт.

Жыйынтыгында айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына дайындоо боюнча муниципалдык кызматынын кадрлар резервине, ошондой эле райондук маанидеги шаардын мэри кызматына дайындоо боюнча муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизилген.

Мындан тышкары, Баймурзинов жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы — аким кызматына дайындоо боюнча муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизилген.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Б.С.О. жер комиссиясынын чечимисиз жана мыйзамда көрсөтүлгөн жол-жоболорду аткарбастан асыл тукум мал чарбасына 105 гектар жер берген. Жергиликтүү дыйкандардын нааразычылыгынан кийин мыйзамсыз аракеттеринин кесепеттеринен коркуп, жер комиссиясынын отурумдарынын протоколдорунун даталарын жасалмалап баштаган. Мындан тышкары, Б.С.О. жер комиссиясынын айрым мүчөлөрүн даталары өзгөртүлгөн протоколдорго кол коюуга көндүрүп, ошондой эле, УКМК кызматкерлеринин колдоосуна ээ экенин айткан.

УКМКнын Чүй облусу боюнча кызматкерлери текшерүү иш-чараларын жүргүзүп баштаганда Б.С.О. акча сунуштаган. Ал 12-апрелде УКМК кызматкерине 50 миң сом пара берип жатканда кармалган.

Тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE