Пример HTML-страницы

Токтогулда мал уурулук кылмышка шектелген жигиттер кармалды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushТоктогул районунда мал уурулукка кылмышка шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Токтогул РИИБге 2 адам арыз менен кайрылышкан. Алар 2023-жылдын 4-ноябрынан 28-ноябрга чейинки аралыкта сарайларынан 1 баш бодо мал жана 3 баш коюн белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдиришкен. Натыйжада мал ээлери 150 миң сомдук материалдык зыянга учурушкан. Бул фактылар Токтогул РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен катталып, кылмыш иш козголгон.

Токтогул районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан «Мал уурулук» операциясынын алкагында жогорудагы кылмыш ишинин бети ачылган. Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары Үч-Терек айыл аймагынын тургундары —1998-жылы туулган К.Ж., 2002-жылы туулган К.Б. жана Чүй облусунун Москва районунун тургуну 2002-жылы туулган тургуну А.А. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Токтогул райондук сотунун токтомунун негизинде К.Ж. жашаган үйгө тинтүү жүргүзүлүп, уурдалган малдарды сойгон 2 бычак, мыйзамсыз сакталган 1 даана сайлуу, 1 даана сайсыз мылтык октору менен табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE