Пример HTML-страницы

Токмокто бир жерде эки күн катары менен жол кырсык катталган. Себебин айтышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарындагы Дубовский көчөсүнүн бир эле тилкесинде эки күн катары менен жол кырсыгы катталды.

10-февраль күнү кечке маал жеңил унаа даракты сүзүп, унаанын алды талкаланган. 11-февраль күнү дагы бир жеңил унаа ушул эле жерден даракты сүзүп, анын дагы алды талкаланып кеткен.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык болгон күнү «Токмок суу чарба» ишканасы тарабынан асфальт жол казылып, суу түтүктөрдү оңдоо иштери жүргөн.

«Караңгыда асфальттагы казылган чуңкурду көрбөй, жакын калганда көргөн айдоочулар жолдон чыгып, бакты сүзүшкөн», — деди алар.

Ал эми «Токмок суу чарба» ишканасынан аталган көчөдө суу түтүк жарылып, оңдоо иштери болгонун тастыкташты.

«Оңдоо иштеринен кийин казылган жердин айланасы тосулуп, тасма тартылган болчу. Бирок ал казылган жерди жана тасманы айдоочу байкабай, андан качып, жол кырсыгына кабылды.

Учурда казылган асфальтты кайра калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Кургак шагыл таш менен жаап, таптап, күн жылыганда асфальтташ керек. Ал жердин айланасы суу. Азыр асфальттаганда күндүн суугунан жана айланасындагы кургай элек суудан асфальт бат эле керектен чыгат», — деди кызматкерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE