Пример HTML-страницы

Таластын Жайылган айылындагы мектептин жаңы имараты курулуп бүттү

Акыркы жанылыктар

TurmushМанас районунун Жайылган айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Покровка айыл аймагынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мектепте актылык зал, спорт зал бардык шарттары менен ашкана, спорт аянтча бар . Заманбап эмеректер алынды. Мектептин ачылуу аземине Жогорку Кеңештин депутаттары, аким Досмамбет Жээнбеков катышты.

150 орундуу мектептин курулушу 2019-жылы башталган. Анда 16 мугалим, 6 техперсонал эмгектенет. Курулушка 2019-жылы чет өлкөлүк өнүктүрүү фонду тарабынан 56 млн сом бөлүнгөн.

Жайылган айылында алгачкы мектеп 1956-жылы ачылган. Мектептин эски барак тибиндеги бир кабат имараты курулган. 2019-жылга чейин авариялык абалда деп табылып, жаңы мектеп куруу маселеси жаралган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE