Пример HTML-страницы

Таласта 1 жыл ичинде жол кырсыктардан 22 адам каза болду

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунда 2023-жылы жол кырсыктардан улам 22 адам каза болду. Бул тууралуу президенттин Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов бүгүн, 21-февраль күнү Талас шаарында «Коопсуз өлкө – туруктуу келечек» форумунда билдирди.

Анын айтымында, былтыр облус аймагында 103 жол кырсык катталган. Жол кырсыктарды алдын алууда максатында баннерлер илинип, Талас районунун аймагында жылкыларга жарык берүүчү 5000 даана тасма байланды. Аялдардын жана кыздардын укуктарын бузулушун болтурбоо, эрте никени алдын алуу иштери жүргүзүлүп, кооптуу үй-бүлөлөр көзөмөлгө алынган. 2023-жылдын ичинде райондук администрациялар жана Талас шаардык мэриянын балдар иштери боюнча комиссияларында 142 иш каралган. Анын ичинен 76сы ички иштер органдарынан, 16сы билим берүү мекемелеринен, ал эми калгандары шаар, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын билдирилөөрүнөн жана жарандардын жеке кайрылууларынын негизинде болгон. Натыйжада, 44 үй-бүлөгө жана 49 балага жекече иштөө планы түзүлүп, көзөмөлгө алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE