Пример HTML-страницы

Түндө Ош—Бишкек жолунда милиционер башкарган унаанын алдында калган жетекчи жан берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 58 жаштагы адам каза болду. Бул маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

  • Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, маркум Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин райондук филиалынын жетекчиси болчу. Ал эми аны сүзгөн айдоочу Токтогул РИИБдин кызматкери.

Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалыматы боюнча, кырсык бүгүн, 17-августка караган түнү саат 00:40 чамасында Ош—Бишкек унаа жолунун Токтогул шаарынын аймагындагы тилкесинде болгон. Токтогул районунун тургуну А.Ө. «Лада-2113» унаасын Бишкек багытын көздөй башкарып бара жатып, Б.Осмонов көчөсү менен А.Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жолдун түштүк тарабынан түндүк тарабына өтүп бара жаткан Н.Б.ны сүзүп, аны 97 метрдей сүйрөп кеткен. Унаа карама-каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу унаанын сол тарабын сүзүп токтогон. Жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми айдоочу Токтогул райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Окуянын күбөлөрү маркум унаадан түшүп, жөө адамдардын өтмөгүнөн өтүп бара жатканда милиция кызматкери башкарып келе жаткан «Лада-2113» алдында бара жаткан унаадан өтүп, жөө адамды сүзүп, андан соң каршы тилкедеги жүк ташыган унаага урунганын айтышты.

Кырсыктан «Кадастр» мекемесинин жетекчиси каза болгонун район акими Акылбек Түкебаев тастыктады. Анын айтымында, маркумдун сөөгүн өлүк сактоочу жайдан туугандары алып кетти. Ал эртең 18-августта акыркы сапарга узатылат.

Нуржан Борбиев аталган мекемени 2013-жылдан бери жетектеп келген. Анын артында 3 уулу, 1 кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE