Пример HTML-страницы

Сүрөт — Ысык-Көлдөгү кырсыкта келин менен жаш жигит каза таап, 3 адам ооруканага жеткирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында жол кырсыгы катталып, 2 адам ошол жерде көз жумду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 21-март күнү саат 02:00 чамасында Жети-Өгүз РИИБге телефон аркылуу Жети-Өгүз районунун ооруканасынын тез жардам бөлүмүнөн билдирүү түшкөн. Анда Кичи-Жаргылчак айылынын күн чыгыш тарабындагы аялдаманын жанынан «Фольксваген Гольф IV» жана «Ауди В4» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп, аялдамада турган эки жаранды кошо сүзгөнү кабарланган.

Бул факт Жети-Өгүз РИИБде катталып, алгачкы тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, төмөнкүлөрдү аныктады.

21-мартка караган түнү саат 01:30 чамасында Кичи-Жаргылчак айылынын күн чыгыш тарабындагы аялдаманын жанынан, тактап айтканда Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол жолунун 152-чакырымында Кичи-Жаргылчак айылынын 1991-жылы туулган тургуну З.А. жана келинчеги — 1993-жылы туулган И.Э. Каракол шаарына кетүү үчүн жолдун боюнда турушкан. Ошол учурда Оргочор айылынын тургуну — 2001-жылы туулган А.Ы. өзүнө тиешелүү «Ауди-В4» үлгүсүндөгү унаасын күн батыштан күн чыгышка карай башкарып бара жаткан. Айдоочу аялдамада тургандарды көрүп, аларды ала кетүү үчүн токтоп, унаага отургузуп жаткан. Ошол учурда Чоң-Жаргылчак айылынын 1999-жылы туулган тургуну К.К. «Фольксваген Гольф IV» үлгүсүндөгү унаасы менен аялдамада токтоп турган «Ауди-В4» унаасын бет маӊдай сүзгөн.

Окуя болгон жерде каза тапкандар:

— «Ауди-В4» унаасынын айдоочусу — Оргочор айылынын 2001-жылы туулган тургуну А.Ы. (эркек киши);

— «Ауди-В4» унаасына отуруп жаткан Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну И.Э. (аял киши).

Тез жардам унаасы менен райондук ооруканага жеткирилип, хирургия бөлүмүнө жаткырылгандар:

— «Фольксваген Гольф IV» унаасынын айдоочусу К.К.;

— «Ауди-В4» унаасынын жүргүнчүлөрү — Кичи-Жаргылчак айылынын 1991-жылы туулган тургуну З.А.;

— Оргочор айылынын 1999-жылы туулган тургуну А.Б.

Медициналык текшерүү учурунда «Фольксваген Гольф IV» унаасынын айдоочусу мас абалда болгону аныкталган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE