Пример HTML-страницы

ОшТУнун окумуштуулары Намангандагы эл аралык форумга катышты

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз окумуштуулары Наманган шаарында «Фергана өрөөнүндө физиканын жаңы багыттарынын өнүгүшүнүн перспективалары жана учурдагы абалы» деген темада өткөрүлгөн «Физика-2022» эл аралык экинчи форумуна катышты.

Ош технолигиялык университетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, форумга Россия, Малайзия, Белоруссия, АКШ, Германия, Австралия, Франция, Замбия, Италия, Португалия, Индия, Кытай, Түштүк Корея, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан өкүлдөр келишти. Кыргызстандан Ош технологиялык университетинен физика жана энергетикалык машина куруу кафедрасынан техника илимдеринин доктору, ОшТУнун профессору Талант Рыспаев, электроэнергетика кафедрасынан техника илимдеринин кандидаты, доцент Нуркул Мурзакулов жана электр жабдыктары жана жылуулук энергетикасы кафедрасынан техника илимдеринин кандидаты, доцент Толгонай Жолдошева катышты.

Аталган иш-чарада азыркы коомчулуктун глобализация аспектисиндеги теоретикалык жана эксперименталдык физиканын актуалдуу маселелери жана келечекте дүйнөлүк деңгээлде кызматташуунун аспектилери талкууланды.

Профессор Талант Рыспаев тарабынан «караңгы материяны» келечекте үйрөнүүнүн жаңы багыттарынын ачылышына арналган «Башталыштын жана бүтүүнүн теориясы: Физиканын жаңы метапарадигмасы» деген темада доклад окулду.

«Наманган форуму дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген эки жүздөн ашык окумуштуулардын оюн билдирген маанилүү аянтча болуп калды. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек кызматташтыгы бардык чөйрөдө динамикалык түрдө өнүгүп жатат. Биз өзбек кеситештерибиз менен Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара кызматташуусун мындан ары да чыңдоого жана өнүгүүгө татыктуу салым кошо турган илим жана билм берүү чөйрөсүндөгү кызматташуунун приоритеттик багыттарын талкууладык», — деп билдирди Талант Рыспаев.

Ал өткөн кылымдын 30-жылдарынан бери изилденип келе жаткан «караңгы материя жана караңгы энергия» теориясы боюнча 25 жылдан бери изилдөө жүргүзүп келет. Германия, Казакстан жана Өзбекстандын университеттерине чакырылган окумуштуу болуп эсептелет.

Форум 4-5-октябрь күндөрү Наманган инженердик-технологиялык институтунун демилгеси менен Илимдер академиясы, Өзбекстандын жогорку жана атайын орто билим берүү министрлиги, Наманган инженердик-курулуш институту жана университетинин кызматташуусу менен өткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE